Садыр Жапаров: Байсалов демократияга ыктаган, ал эми Бейшеналиев иштин көзүн билген чиновник

Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде коомчулуктун министр Алымкадыр Бейшеналиевге жана минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго карата айткан сындарына көз карашы кандай экенин айтып берди. Журналист президентке чиновниктерди «ашыкча мактоого», «өзүн-өзү билемдикке» жана «мыйзамдарды кенебестикке» айыптап жатышканын айтты.

«Эдил Байсаловдун өз көз карашы бар. Көп нерсени ачык айтат. Бирөөгө жагабы-жакпайбы, ага көңүл бурбайт. Демократияга көбүрөөк ыктаган чиновник. Бизде демократия. Ар ким сунушун, өз көз карашын ортого таштайт. Аны талкуулайбыз. Жакса, кабыл алабыз. Жакпаса, четке кагабыз», — деп жооп берди президент.

Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев, президенттин пикиринде, «сөзгө чоркок министр, бирок иштин көзүн билген жетекчи».

«Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду», — дейт президент.

Байсалов, Бейшеналиев жана жарандардын сыны

Эдил Байсалов менен Алымкадыр Бейшеналиев коомчулуктун сынына кабылган учурлар көп кездешет.

Жакында эле минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өкмөттүн башчысы Акылбек Жапаровго «ичи күйгөндөр» тууралуу Фейсбукта пост жазган.

«Азыр туугандарыма айтаарым: жакшылыктан үмүт кылыңыздар, эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер, бузуку карасанатайларды укпаңыздар! Баары жакшы болот!», — деген ал минкабдын башчысы Акылбек Жапаров жана президент Садыр Жапаров тууралуу айтып.

Бул посттон кийин соцтүйүн колдонуучулары Байсаловду ашыкча мактоого айыпташкан.

Ал эми пенсиялык системаны реформалоо маселеси боюнча парламенттик уктурууда Байсалов жарандар пенсиясына акча топтошу керек, мамлекет аларга бир тыйын пенсия карыз эмес деп билдирген. Бул билдирүү коомдо нааразылыктарды жараткандан кийин чиновник интервью берип, пенсия тууралуу гана айтканын түшүндүрүп берген.

Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев акыркы бир нече айда медициналык мекемелердин жетекчилерине карата бир топ билдирүүлөрдү жасаганга үлгүргөн. Бул дагы коомчулукта нааразылыктарды жараткан.

Дагы окуңуз: Бейшеналиев эмне үчүн түндө Исманкуловдун клиникасына барып, адамдарды бекитип кеткенин айтты

«Башкы прокурор ким болуп калыптыр?». Бейшеналиев көзөмөл органынын эскертүүсүн сындады

«Сотторго ишенбейм». Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасына эмне үчүн кум төктүргөнүн айтты

«Клиникаңды талкалап кетем». Министр Бейшеналиев Исманкуловду коркутту

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 6-апрелде көзөмөл органы минкабга саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди тартип жоопкерчилигине тартуу боюнча сунуш киргизгенин билдирген. Зулушев аткаминер соттор тууралуу туура эмес сөздөрү үчүн сөгүш угушу керек деп белгилеген.

Прокуратура Бейшеналиевге март айында дагы таластыктар тууралуу жана хирург Алмазбек Исманкуловго телефон аркылуу сүйлөшүүдө айткан сөздөрү үчүн эскертүү берген. Министр буга элге гана баш иерин, таластыктар тууралуу айтканда травматолог Сабырбек Жумабеков жөнүндө гана сөз болгонун айтып жооп берген.

Кийин министр сөздөрүн туура эмес чечмелешкенин билдирген. Ал мыйзам боюнча жоопкерчилигин президент гана кабыл алат деп айткысы келгенин маалымдаган.

«Менин айткандарымды туура эмес чечмелеп алышат, бул жаңылык эмес. Бирок мындан да сабак алып жатам — оюмду туура айтканды үйрөнүп жатам», — деген министр.