Бир кадр менен: Президент жана УКМК башчысы стадионго футбол көргөнү барды

Дөлөн Өмүрзаков стадиону. 8-июнь, 2022-жыл. Сүрөт: Эрбол Султанбаев

2023-жылдагы Азия кубогунун тандап алуу этабында кыргыз футболчуларынын оюнуна президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев күбө болуп жатат. Андан сырткары футболду көрүүгө стадионго маданият, спорт жана жаштар саясатынын министри Азамат Жамангулов барган.

8-июнда Кыргызстан менен Сингапурдун футбол боюнча улуттук курамалары беттешип жатышат. Биринчи тайм аяктады, азырынча оюн эсеби ачыла элек. 

Кыргызстан курама командасы 14-июнга чейин Азия кубогу-2023 оюндарынын тандап алуу турунунун алкагында үч беттеш өткөрөт. «Ак Шумкар» 8-июнда Сингапур, 11-июнда Мьянма жана 14-июнда Тажикстандын курама командалары менен күч сынайт. Оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда, саат 21:00дө башталат.

2023-жылдагы Азия кубогуна 24 курама катышат. Алардын 13ү белгилүү болду. Кыргызстандын футболчулары калган 11 жолдомонун бирин алганга аракет кылышат.

Тандоо оюндарында жалпы алты тайпа бар. 11 жолдомону дал ушул топтун жеңүүчүлөрү, башкача айтканда, биринчи орунду алган жана статистикада мыкты оюн көрсөткөн командалар алат. Андыктан Кыргызстандын курамасы биринчи же экинчи орунду камсыздашы керек.

Бирок ошондой болгон учурда деле кыргыз курамасы Азия кубогунда ойнойт деген кепилдик жок. Себеби башка тайпаларда алдыга чыккан командалардын жалпы упайы жогору болуп калышы ыктымал.

Азия кубогу 2023-жылдын 16-июнунан 16-июлуна чейин Кытайда өтүшү керек эле, бирок өлкө бийлиги коронавирустан улам турнирди өткөрүүдөн баш тарткан. Азырынча турнир кайсыл өлкөдө өтөрү белгисиз.

Азия кубогу 18-ирет өтүп жатат. Аны Азиянын футбол конфедерациясы өткөрөт.