«Таянаар тоом жок эми». Аквапаркта чөгүп кеткен окуучунун апасы иликтөө жүргүзүүнү талап кылды

Сүрөт Super.TV’нын видеосунан скриншот жасалды.

6-июнда Бишкектеги «Ала-Тоо» аквапаркында чөгүп каза болгон 9 жаштагы Атай Аскат уулунун апасы Асел Азыкова Super.TV’га маек курду. Ал уулунун өлүмү боюнча мектеп директору менен аквапарктын жетекчилиги жазасын алсын деп талап кылды.

Азыкованын айтымында, Атай бир айдан кийин 10 жашка чыкмак. Аял жолдошу менен ажырашып кетип, уулун жалгыз тарбиялап жаткан. Экинчи жолу турмуш куруп дагы бир уулдуу болгон. Бирок ден соолугуна байланыштуу эки ажырым жолго түшкөндө, кенже уулун атасы алып койгон.

«Атайды атасы кичүү кезинен көргөн эмес. Он жыл убакыт өткөндөн кийин “көрөм” деп майда жазган, бирок келген жок. Эми өлүгүнө келди… Байкуш балам ата мээримин көргөн жок. Менин таянаар тоом жок эми. “Чоңойсом инимди алып келем, аны менен өзүм сүйлөшүп түшүндүрөм” дечү. Бирөөсүн атасы алып кетсе, бирөөсүн кудай алып кетти», — деп сыздады эне.

«Жакшынакай баламды алып кетип, өлүгүн берип коюшту»

Эне уулу классташтары менен аквапаркка бара турган күндү самап күткөнүн эскерди. Бирок мектептен балдар менен чогуу бир гана ата-эне барууга мүмкүн экенин айтышкандыктан, аны коштоп бара албай калганын айтты. Ал «куткаруучулар болот» деп айтышкандыктан ишенип жибергем дейт.

«Жөнөтпөй коёюн десем балдардан кем калбасын, классташтарынан кем калбасын дедим. Ошентип баламды жөнөттүм. Балам аябай даярданды, жаңы кийим алып бер деди. Алып бердим. Өзү сууга түшкөндү аябай жакшы көрчү [...] Жакшынакай баламды алып кетип, мага өлүгүн берип коюшту», — деди ал.

Аял окуяга мектеп директорун жана аквапарктын жетекчилигин күнөөлүү деп эсептейт. Анын айтымында, эс алуу жайында балдар көп болгон. Ал эми «Ала-Тоодо» коопсуздук маселеси жакшы каралбаганын айтып ыйлады.

«Биз ал жакка барсак 20дай спринтер бар экен. 300дөй бала биринин үстүндө бири. Ушундай болмок беле, айткылачы? Акча жасаш үчүн ошончо баланы тобокелге салып эмнеге алып барышат? Жок дегенде ар бир ата-энени “өзүңөр алып кегиле, балдарыңарды бирден карагыла” десе болот го. Мен баратканда менин алдымда тез жардам келди. Эмнеге эрте чакырышпайт?» — деп суроо салды эне кан жутуп.

«Ким жооп берет?»

Ал «тез жардамдын кызматкерлери “биз келгенге чейин бала каза болуп калыптыр” деп айтышып, сөөгүн карматып тарап кетишти» дейт. Аял «ошол жерде эки саат баламдын сөөгүн кучактап жаттым» деп ыйлады.

Ошондой эле Азыкова окуя тууралуу коомчулукта ар кандай сөздөр жана анын дарегине карата айыптоолор айтылып жатканына капаланды. Ал коомчулуктан туура эмес маалыматтарды жазбоону жана таратпоону өтүндү.

«Азыр “эпилепсия оорусу бар экен эле” деп айтып жатышат, менин балам эпилепсия болгон эмес! Бир жолу грипп болуп укол алып көргөн эмес. Помпойгон жакшынакай балам эле. Медициналык карталарынын баары таза», — деди ал.

Анын айтымында, экспертизанын жыйынтыгы өспүрүмдүн сууга чөгүп каза болгонун көрсөткөн. Азыкова президент Садыр Жапаровго жана тиешелүү органдарга кайрылып, уулунун өлүмүн тыкыр иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылды.

«2-тайпадагы майыптыгым бар. Эки жарым жылдан бери чоң оорууга кабылгам. Дарыланчумун. Ушул балам эле мага дем берчү [...] Эми ким жооп берет? Эмне үчүн ошончо баланы ал жакка алып барышты. Бала суудан калкып чыгып калганча эмне кылышты алар айтыңыздарчы?!» — деп нааразы болду ал.

Super TV’га мугалим менен чогуу балдарды кароо үчүн барган ата-энелердин бири да комментарий берди. Ал аквапаркка өтө көп бала барганын, бирок эки гана куткаруучу болгонун айтып кейиди.

«Балдар аябай көп болду. Мен жада калса өзүмдүн кызымды таба албай калып жаттым. Мен, башка бир апа жана мугалим үчөөбүз үч жактан карап турдук [...] Ал эми баланы суудан алып чыккандан кийин бир топтон кийин гана эс алуучу жайдын медайымы келди», — деп айтып берди ал.

Ал эми журналисттердин мектеп администрациясынан комментарий алуу аракетинен майнап чыкпады.

Октябрь РИИБи №95 мектептин окуучусунун өлүмүнөн кийин «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» жана «Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү» беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

ТЕМА БОЮНЧА:

Милиция «Ала-Тоо» аквапаркында каза тапкан окуучунун өлүмү боюнча эки кылмыш ишин козгоду