Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын мамлекеттик банктарына чет өлкөлөрдө, анын ичинде Орусияда филиалдарын ачууну тапшырды. Бул тууралуу 7-июнда өткөн «Миграция жана өнүгүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр» аттуу эл аралык форумдун алкагында белгилүү болду.
Анын айтымында, бийлик бул аракети менен мигранттардын акчасын өлкө экономикасына тарткысы келет. Ал акыркы 5 жылда өлкөгө жыл сайын которулган акчалардын көлөмү 2 млрд доллардан ашканын белгиледи.
«Изилдөөлөргө ылайык, биздин мигранттар тапкан акчасынын 30% үй-тиричилигине жумшашат, 30% үйлөрүнө жөнөтүшөт жана акчанын 30%га жакынын кабыл алган өлкөнүн банктарында депозиттерде сакташат. Биз бул каражаттарды тарта алмакпыз. Эми мамлекеттик банктардын ар бирине («РСК-Банк», «Айыл Банк», «Керемет» ачык акционердик коомдору жана ушул айда түзүлө турган Өнүктүрүү банкы) Россия Федерациясында гана эмес, башка мамлекеттерде да филиалдарын ачуу милдети коюлган», — деди ал.
Жапаров бул үчүн «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 5 млрд сомго чейин көтөрүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, жакынкы убакта минкаб МИКтин капиталын 8,5 млрд сомго чейин көбөйтүүнү пландап жатат.
«Башка өлкөлөрдө иштеп жүргөн мигранттарыбыз өз мекенинен турак жай сатып алса болот. Мындан тышкары өлкөнү индустриялаштыруу менен алектене турган “Кыргызиндустрия” ишканасы ишке кирди. Азыр ишкана бизнес-долбоорлорду иштеп чыгууда жана жакынкы аралыкта ага мигранттар да ата мекендик өнөр жайды колдоого катыша алышы үчүн Кыргыз фондулук биржасына жана эл аралык биржаларга чыгуу тапшырмасы берилди. «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» компаниясы да түзүлдү, ал дагы мигранттардын мекенине салым кошуу объектилеринин бири болот деп ишенем», — деп кошумчалады Жапаров.
Анын айтымында, «эл аралык миграция жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, ошол эле учурда дүйнө жүзү боюнча коомчулук үчүн жаңы көйгөйлөрдү активдештирүүдө».
«Биз миграциянын терс таасирин нейтралдаштырууну үйрөнүп, анын оң таасирин күчөтүшүбүз керек. Мүмкүнчүлүктөр менен иштөөнү өздөштүрүп, мекендештердин жашоо деңгээлин жогорулатуу жана ата мекендик экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүшүбүз кажет. Андыктан өлкө жетекчилиги өсүп келе жаткан муундун билим алуусуна көбүрөөк каражат бөлүүнү чечти. Биздин жаштар билимдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү болуп, үй шартында жашап, бүткүл дүйнө менен аралыктан иштөө үчүн дүйнө жүзү боюнча талап кылынган көндүмгө ээ болушу керек», — деди ал.
Акыркы маалыматтарга таянсак, чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын расмий саны 1 миллион 118 миң кишини түзөт. Алардын басымдуу бөлүгү — 1 миллиондон ашуун жаран Орусияда эмгектенет.
Орусияга карата санкциялар жана алардын Кыргызстанга тийген кедергиси
Жогорку Кеңештин 25-майдагы жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш эгер кыргыз компаниялары Орусия менен Украинанын согушунан улам санкцияга алынган орусиялык компаниялар менен кызматташа турган болсо алар дагы санкцияга кабылышы мүмкүн деп билдирген.
«Биздин компаниялар санкцияга кабылган банктар же компаниялар менен иш алып барса, ошондо экинчи жолу санцияга түшүп калуу коркунучу бар», — деген ал.
Орусиялык компаниялары менен банктары орус аскерлери Украинага кол салгандыктан Европа өлкөлөрү менен АКШнын санкцияларына кабылган. Орусия Украинага кол салуусун баштаганда рублдин куну түшүп, бул дароо эле кыргыз валютасына дагы таасир эткен.
Орусияда Visa жана Mastercard эл аралык төлөм системалары, ошондой эле бир нече финасы-кредиттик мекемелер ишин токтоткону белгилүү. Мындан улам Кыргызстандын Улуттук банкы да өлкөдөгү айрым банктардын Visa жана Mastercard карталары иштебей калышы мүмкүндүгүн эскертип, «Элкарт» карталарына өтүүнү сунуштаган.
Материалдын авторлору: Медина Сейитказиева жана Кайрат Бердишалиев.