Кыргыз компаниялар орус ишканалары менен иш алып бара турган болсо алар да санкцияга кабылат

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш эгер кыргыз компаниялары Орусия менен Украинанын согушунан улам санкцияга алынган орусиялык компаниялар менен кызматташа турган болсо алар дагы санкцияга кабылып калышы мүмкүн деп билдирди. Бул тууралуу ал 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Жеңиштен кыргыз компанияларында бир эле маалда рубль, евро жана доллар менен операция жүргүзүшсө Европа биримдиги менен АКШнын санциясына кабылып калуу коркуну барбы-жокпу деп сурады.

«Азырынча андай коркунуч жок. Бирок биздин компаниялар санкцияга кабылган банктар же компаниялар менен иш алып барса, ошондо экинчи жолу санцияга түшүп калуу коркунучу бар», — деп жооп берди Улуттук банкктын төрагасынын орун басары.

Европа өлкөлөрү менен АКШ Орусияга каршы санкцияларды орус аскерлери Украинага ири алкактуу кол салуусун баштагандан кийин киргизишкен. Андан кийин эле рублдин куну түшүп кеткен, бул дароо кыргыз валютасына дагы таасир эткен.

Мурдараак Улуттук банк бул жагдайды Орусия Кыргызстандын соода-экономикалык жактан негизги өнөктөшү болгондуктан, өлкөнүн экономикасындагы абалдын өзгөрүшү Кыргызстандын валюта рыногуна кыйыр таасир этиши мүмкүн деп түшүндүргөн.

Орусиялык чиновниктер менен компаниялардан тышкары, орус бийлиги кызматташкан Беларуска каршы да сакциялар киргизилген.

Дагы окуңуз:

Рублга «байланган» сом. Орусиянын Украинага кол салышы кыргыз экономикасын канчалык алсыратат?

ЭВФ: Орусияга каршы санциялар Борбор Азия өлкөлөрүнө терс таасир этет