Үч кыргыз банкында Visa жана Mastercard карталары иштебей калышы мүмкүн

«Кыргызстан», «Керемет» жана РСК банктарында Visa жана Mastercard карталары иштебей калышы мүмкүн. Бул тууралуу Economist басылмасы өздүк булактарына таянып жазды. Журналисттер аталган банктардын процессинг борборлору Орусияда жайгашканын, буга чейин Visa жана Mastercard Орусия менен иштешүүдөн баш тартканын түшүндүрүштү.

Мурдараак Кыргызстандын Улуттук банкы да өлкөдөгү айрым банктардын Visa жана Mastercard карталары иштебей калышы мүмкүндүгүн эскертип, «Элкарт» карталарына өтүүнү сунуштаган.

«Санкция Россиянын процессинг борборлоруна жайылган учурда, бир нече банктардын (ал жакта тейленген) Visa жана Mastercard карта ээлери-кардарлар башка банктардын инфраструктурасында (банкоматтар, POS-терминалдар) тейлене албай калышы мүмкүн. Бирок алар ошол банктардын өздөрүнүн филиалдарында/сактык кассаларында эсептешүү-кассалык тейлөөгө гана алынышы мүмкүн», — деп жазышкан Башкы банктан.

Алардын айтымында, «Орусиянын банктарына санкцияларды киргизүү жана Visa жана Mastercard карталарын өчүрүү кыргызстандын төлөм системасынын ишине түздөн-түз таасирин тийгизбейт. Анткени Кыргызстанда "Элкарт” төлөм карталары менен улуттук эсептешүү системасы иштейт».

РСК банктан «Клоопко» алардын процессинг борбору Орусияда жайгашканын тастыкташты. Ал жактан учурда карталар иштеп жатканын, тынчсызданууга себеп жок экенин белгилешти. «Кыргызстан» банкы кат түрүндө расмий билдирүү алмайын жооп бере алышпасын айтышты, ал эми «Керемет» банкы менен материал чыгып жаткан учурда байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Бул башка банктарга да таасир этеби?

Прогрессинг борборлору Орусияда жайгашпаган банктар «Клоопко» алардын кардарларында Visa жана Mastercard карталары менен тейленүүдө маселе жаралбайт деп билдиришти.

«Оптима Банктан» дагы санкциялар өз кардарларына таасир эте албасын айтышты.

«Биздин процессинг борборубуз Казакстанда жайгашкан. Санкциялардын кедергиси Кыргызстандагы карталарга тийбейт», — деп билдиришти банктан.

Ал эми «Демир Банктан» өздөрүнүн жеке менчик процессинг борбору бар экенин, банк Орусияга байланбай Visa жана Matercard менен түздөн-түз иштешерин кабарлады.

KICB банкы «алардын процессинг борбору Кыргызстанда жайгашкандыктан карталары иштей берерин» айтып ишендирди.