Орусия суроо-талаптын көптүгүнөн Тамчы багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачат

10-июндан тартып Орусиянын бир катар шаарларынан Ысык-Көл облусунун Тамчы шаарына туруктуу авиакаттамдар ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, туруктуу каттамдардын ачылышы чектөөлөр алынып, орусиялыктардын арасында Ысык-Көлгө келүүнү каалагандардын саны өскөндүгү менен байланыштуу.

Каттамдар Орусиянын төмөнкү шаарларынан аткарылат:

  • «Москва-Тамчы-Москва» (Аэрофлот) багыты боюнча 16-июндан тартып жумасына эки каттам;
  • 10-июндан баштап «Москва-Тамчы-Москва» (Урал авиажолдору) багыты боюнча жумасына эки каттам;
  • «Екатеринбург-Тамчы-Екатеринбург» багыты боюнча жумасына эки каттам;
  • «Санкт-Петербург — Тамчы — Санкт-Петербург» багыты боюнча жумасына бир каттам;
  • 19-июнунан тартып «Новоисбирск — Тамчы — Новосибирск» («S7 Airlines») багыты боюнча жумасына бир каттам.

Ал арада «Акчабар» басылмасынын журналисттери Ысык-Көлдө быйыл сезон ачылып, чет өлкөлүктөрдүн агымы көп болбосо деле эс алуу кымбат болорун аныкташкан.

Журналисттердин маалыматына ылайык, Ысык-Көлдүн курорттук зоналарында номерлерди ээлеп коюу процесси кызуу жүрүп жатат. Маалыматты сурамжылоого катышкан конок үйлөрүнүн ээлери да тастыкташкан.

«Былтыркы жылга салыштырмалуу туристтик борборлорго канчалык жакын болсо, баалар ошончолук кымбат. Алсак, коноктор 2-3 күнгө гана конгон Балыкчыда жайгаштыруу бааларын көтөрүүгө ашыгышкан жок. Ошондой эле, чакан конок үйлөрүнүн жана хостелдердин ээлери да бааларды кымбаттаткылары келген жок. Бирок ири отелдер 1-июндан тартып жаңы балаарды киргизишкен. Эки орундуу номерлердин баасы [быйыл] 20-40%га кымбаттаган», — деп белгилешти журналисттер.

Дагы бир айылда — Бостериде — конок үйлөрдүн ээлери бааларды 1,5-2 миң сомго чейин көтөргөнү турушат. Учурда бир кишини жайгаштыруунун баасы 500 сом.

«Мындан тышкары, быйыл туристтик турлардын баалары 20-40%га кымбаттайт, кафедеги орточо чек дагы ушунча кымбаттайт. Туристтик бизнестин ээлери быйыл баалар чет элдиктер келсе-келбесе да кымбаттайт дешет. Бул инфляция жана жумушчулардын айылыгын көтөрүү менен байланыштуу», — деп деп түшүндүрүштү басылмадан.