Сүрөт: Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө балдар комплекси ачылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө балдар үчүн билим берүү жана ден соолукту чыңдоочу комплекс ачылды. Бул тууралуу «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Фейсбук барагында билдирди.

Султанбеков лагерде бүгүнтөн тарта туруктуу тартипте 40 бала, узартылган күн форматындагы группада 60 бала, ал эми күндүзгү жалпы окуу тобунда 100 бала окутула баштарын айтты.

«Үйүнүн 90%ын ушундай иштерге берген Атамбаевдердин үй-бүлөсүнө чоң ыраазычылык. Бул Атамбаевдердин жалгыз үйү экенин белгилеп коюу керек, алардын башка экс-президенттердикиндей Минскте, Лондондо, Москвада, ал тургай Бишкекте дагы үйлөрү жок. Алар сотко жана прокуратурага даттанышты. Соттор адилетүү болот деген ойдомун», — деп жазды Султанбеков.

Ал комплекстин базасында врачтын, тиш доктурдун кабинети, шахмат клубу, көркөм өнөр классы да ачылганын айтты. Анын айтымында, комплексте сууда сүзүү, музыка, кыргыз, орус, англис тилдери жана жеңил атлетика боюнча сабактары өтүлөт. Ал өлкөнүн улгайган ардагер жарандары үчүн геронтологиялык борбор ачыла турганын да кошумчалады.

Кой-Таштагы балдар комплекси. Сүрөт: Темирлан Султанбеков.

Майдын аягында Атамбаевдин тарапташтары мурдагы президенттин Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы жеке менчик резиденциясын «Акаев, Бакиев жана Жээнбековдордун үй-бүлөлүк кландык режимдеринин кылмыштарын эскерүү музейин», балдар үчүн акысыз билим берүү жана ден соолукту чыңдоочу комплекс ачуу пландалып жатканын билдиришкен.

Ошондон кийин, алардын айтымында, Мамлекеттик мүлк фондунун кызматкерлери Атамбаевдин үй-бүлөсүн үйдөн чыгарып салуу үчүн келишкен.

Ал эми Мамлекеттик мүлк фондунан, мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйү соттун чечиминин негизинде мамлекеттик менчик, учурда фонддун балансында экенин билдиришкен. Мамлекеттик мүлк фондунан ден-соолукту чыңдоо комплекстин базасында карылар үчүн социалдык стационардык мекеме түзүүнү сунуштап жатканын маалымдашкан.

Ошондой эле Мамлекеттик мүлк фонду Атамбаевдин тарапташтарына үч күндүн ичинде имаратты бошотуу боюнча жазуу түрүндө кат жөнөткөн. Бирок Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарёв мурдагы президенттин үй-бүлөсүнө үч күндүн ичинде үй мүлкүн конфискациялоо жана көчүрүү боюнча эскертүү берилбегенин айткан. Анын айтымында, Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн мүлкү ага кабар берилбестен кайра каттоодон өткөн.