Бишкекте 13-июнда 200дөй ишкер көзөмөл-кассалык машинаны орнотууга каршылыгын билдирип Өкмөт үйүнүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Алар ККМ колдонуу менен эсеп-фактура тапшырууну жокко чыгарып, патент менен иштөөнү улантууну талап кылышты.
Соодагерлер эмнеге нааразы?
Тынчтык акциясына чогулгандар ар бир товардан 4%дык салык төлөө оор болуп жатканын билдиришти. Алардын айтымында, бийлик соодагерлердин чыгымдарын эске алган эмес.
«Бизге ККМ маселе жаратты. Эми болсо эсеп-фактура деген чыкты. Биз дүкөн иштеткендер патентти ай сайын төлөйбүз. Светке, муниципалитетке, ижара акысына, таштандыга төлөйбүз. Андан сырткары дагы толтура чыгымдар бар. Ошолорду эске албай туруп эле 4 пайызды кошуп алышкан. Биз мамлекеттен эч кандай медициналык жардам ала албасак. Өкмөттөн бир дагы бизге жардам жок болсо», — деп нааразы болду соодагер айым.
Митингдин катышуучулары бийликтегилерге буга чейин да кайрылышканы менен алардын үнүн эч ким укпай жатканын айтышты. Андыктан акцияга чогулгандар Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өзү чыгып, алардын суроо-талаптарына жооп берүүсун талап кылышты.
«Мен ушуну менен пикетке декабрдан бери бешинчи жолу чыгып жатам. Ошондон бери бизге бир адам чыгып жооп берген жок. ККМ бизге ылайыксыз, биздин өлкө даяр эмес буга. Жада калса биз даяр эмеспиз. Мында штраф аябай чоң. Президент “коррупцияга жол бербейм” деген. Бул жерде коррупцияга чоң жол ачылып жатат», — дейт дагы бир соодагер.
Мындан сырткары митингге чыккандар ККМ аппаратын колдонууну да түшүнбөй жатышканын кошумчалашты.
«ККМ боюнча таптакыр түшүнүгүм жок. Аны колдонушту деле билбейм. Эгер ККМ менен кассадагы акчаң бирдей чыкпай калса штраф төлөйт экенсиң. Мага ККМ киргизсеңиз мен алты балам менен ишсиз калам. Патент менен иштете турган болсоңор, биз деле салык төлөгөндөн качпайбыз», — дейт соодагер.
Салык кызматынын жетекчиси эмне дейт?
Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов эл менен жолугуп, ишкерлер патент менен салык төлөсө деле кассалык-көзөмөлдөө машинасы колдонула турганын билдирди. Ал эми эсеп-фактура боюнча кичи жана орто ишкерлерге айып пул салынбай турганын кошумчалады.
«Эсеп-фактура боюнча боюнча 2020-жылдын 1-июлунан баштап кошумча нарк салыгын төлөш үчүн милдеттүү түрдө талап коюлган. Муну кимдер колдонот? Муну кошумча нарк төлөөчү ири ишкерликти жүргүзгөндөр колдонот. Мындан сырткары экспорт кылгандар колдонуш керек. Бул менен биз ири компанияларды көзөмөлдөйбүз», — деди Умтулов.
Деген менен митингге чогулгандар салык кызматынын жообуна канааттанбай, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун өзүн чыгышын талап кылып чакырышты.
Министрлер кабинетинин башчысы эмне дейт?
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ишкерлер менен жолугушуу учурунда эсеп-фактура өндүрүүчү же товарларды импорттогон компаниялар үчүн киргизилгенин айтты.
«Силер патент менен иштегенди мен караштырайын. Ал эми эсеп-фактуранын силерге эмне кереги бар. Мен аны өндүрүүчүлөрдөн сурап жатам. Эгерде арак завод 12 машине арак чыгарып, мага бир фураны көрсөтүп коюп жатса, мен эмне кылам? Мага силер жардам бергиле. Биз аларды текшерип, баарын ордуна коёбуз. Ага чейин ККМди коюуну, айып пулду салууну да токтото турабыз», — деди ал.
Ошондой эле Жапаров тамак-аш, ун, кумшекер саткандарды ККМден бошотууга болоорун белгиледи.
«Биз Бажы кызматын, Салык кызматын иреттеп жатабыз. Эми “Коко-кола”, “Шоро” дагы башка өндүрүүчүлөрдүн баарын ирээттейбиз. Эсеп-фактура ошолордо болушу керек. Эсеп-фактура — байлардыкы. Ошолор товар туура экенин далилдеп бериш керек. Таза экенин, аны ичкенден кийин балдар оорубай турганын. Арак, тамеки, дары-дармек, нефти, алтын саткандар ККМди да, эсеп-фактураны да колдонот», — дейт Акылбек Жапаров.
Тынчтык акциянын аягында Министрлер кабинетинин төрагасы 10 соодагерден турган уюштуруу комитетин түзүп, алар менен чогуу иштешип айтылган талаптарды карап чыгууга даяр экенин айтты.
Жаңы салык кодекси жана көзөмөл-кассалык машина
Президент Садыр Жапаров 2021-жылы декабрда «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгон.
Жарлык жылдык жүгүртүмү 8 млн сомго чейин болгон ишкерлик субъекттерди салыктан бошоткон. Бирок, жарлыкка ылайык, алар онлайн ККМ колдонууга милдетүү.
Салык кызматынан ККМ — бул салык процедураларын санариптештирүү боюнча долбоорлордун бири экенин билдиришкен.
Жаңы Салык кодекси 2022-жылдын 1-январынан тарта иштей баштаган. Бийлик бул бизнести көмүскөдөн алып чыгуу жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейт.
Бирок бул демилгеге ишкерлердин баары эле кубанып кеткен жок — айрым соодагерлер азыркыга чейин нааразычылык акцияларына чыгып, милдеттүү түрдө көзөмөл-кассалык машина (ККМ) орнотууга каршы чыгышууда.
ККМ тууралуу кененирээк бул шилтемелер аркылуу окуп алсаңыз болот:
Кыргыз ишкерлери ККМ тууралуу эмнени билүүгө тийиш?
«ККМ орнотууга каршыбыз». «Дордой» базарынын соодагерлери кайрадан митингге чыгышты
«Көпчүлүгүндө ККМ жок экен». Арзыбек Кожошев соода борборлорунда рейд өткөрдү