Маданият министри Жылдыз Бакашованы тарых музейге убактылуу жетекчи кылып дайындады

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары Жылдыз Бакашова Улуттук тарых музейдин убактылуу директору болуп дайындалды. Бул маалыматты «Клоопко» Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Ал эми музейдин жетекчисинин милдетин аткарган Гүлбара Абдыкалыкова музейдин мурдагы директору Кеңешбек Алмакүчүковго байланыштуу соттук териштирүү бүткөнүнө байланыштуу иштен четтетилди. Тиешелүү буйрукка маданият министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Кеңешбек Алмакүчүков 2020-жылдын ноябрь айында 2018-жылдагы тендер боюнча сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу кызматынан убактылуу четтетилген. Тендер 2018-жылдын 31-августуна белгиленген музейдин ачылышына карата кызматкерлерге бирдиктүү форма тиктирүүгө байланыштуу экени айтылган.

Ал эми 2022-жылдын 18-майында Бишкек шаардык соту Алмакүчүковду актаган.

«Кылмыш ишинин материалдарын, даттануучулардын жүйөлөрүн талдоодо айыпталуучулардын ишинде кылмыштын курамы жок экени аныкталда, алардын күнөөсү далилденген эмес жана биринчи инстанциядагы соттун [Биринчи май райондук сотунун] аларга карата күнөөсүз деп тапкан өкүмү мыйзамдуу жана негиздүү», — деп жазылат соттун өкүмүндө.

Кеңешбек Алмакүчүков. Сүрөт: Клооп

«Азаттык» басылмасынын маалыматына ылайык, сот Алмакүчүковдун кызматын калыбына келтирген. Бирок ал эмне үчүн кайра кызматка дайындалбаганы ачык суроо бойдон калууда.

Ал эми министр Жаманкулов чыгарган буйрукта Бакашованы убактылуу директор кылуу тууралуу чечим анын арызынын негизинде чыгарылганы айтылат.

Музей кызматкерлери Бакашованын директор болуп дайындлганына байланыштуу талаш-тартыштар жаралганын билдиришти. Алардын айтымында, жамаат эки жаатка бөлүнгөн: айрымдары Бакашованын дайындалышына макул болсо, башкалары мурдагы директор Кеңешбек Алмакүчүковду кайра кызматына алыш керек болчу деп эсептешет.

Жылдыз Бакашова деген ким?

Жылдыз Бакашова. 

62 жаштагы Жылдыз Бакашова Ысык-Көлдүн Каракол шаарынан болот. Ал Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин 1982-жылы бүтүрүп, 1988-жылы аспирантурасын жактаган.

Бакашова Улуттук китепкананын директору, коомдук китепканалар ассоциясынын президенти жана Евразия китепканалар ассамблеясынын президенти болуп иштеген.

Өткөн жылдын 5-майында президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, Министрлер кабинетин түзгөн. Анда Улукбек Марипов Министрлер кабинетинин төрагасы, Жылдыз Бакашова анын орун басары болуп бекитилген.

11-октябрда Жапаров «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзамга кол коюп, министрлер кабинетинин жаңы төрагасын жана түзүмүн дайындаган. Ошондо Бакашова кызматтан кеткен.

Музейдеги өрт, журналисттик иликтөөлөр

2016-жылы Улуттук тарых музейинде өрт чыккан. Анда администрациядан анча баалуу эмес бир нече гана экспонат жабыркаганын билдиришкен.

Бирок «Клооп» жана OCCRP 2021-жылдын май айында өкмөт менен музейдин жетекчилиги өрт учурунда музейдин негизги фондуна караштуу кеминде 18 тарыхый килемдин өрттөнүп кеткенин жаап-жашырууга аракет кылганы тууралуу иликтөө жарыялаган.

Ошол кезде бийлик журналисттик иликтөөгө көңүл деле бурган эмес жана бир канча айдан кийин көрүүчүлөр үчүн музейдин эшигин ачкан.

Ал эми экинчи иликтөөдө журналисттердин колуна жаңы документтер тийген. Ага ылайык, өрттөн жабыркаган экспонаттардын саны жүздөп саналат.

Журналисттердин колуна маданият министрлигинин дарегине делген эки кат тийген. Анда музейдин кызматкерлери 2021-жылы музейдин жертөлөсүн тазалап жатышып «музейлик маанидеги жарым-жартылай жана толук күйүп кеткен буюмдардын жүздөгөн калдыктарын» таап алышкан.

Экспонаттар табылгандан кийин музей жетекчилиги өрттөн жабыркаган буюмдардын тизмесин түзгөн курам менен атайын комиссия түзгөн.

Буюмдардын тизмеси катка да тиркелген. Ага ылайык, атайын сандар менен белгииленген 350 экспонат жабыркаган же толугу менен күйүп кеткен. Андан сырткары өрттөн дагы башка 600 буюм жабыркаган.

Жоголгон экспонаттардын көбү совет дооруна, анын ичинде революциянын алгачкы мезгилине таандык, бирок арасында 19-кылымга тиешелүү да китептер болгон.

Кененирээк окуңуз:

Иликтөө: Тарых музейинде чыккан өрттөн жүздөгөн экспонат күйүп кеткени аныкталды

Өгөйлөнгөн маданият: Бийликтин шалаакылыгы тарыхый мурастарды кантип жок кылууда?