Москвада мекендештерин опузалоого жана уурдоого шектелген кыргызстандыктар кармалды

Москвада Кыргызстандын ИИМнин кызматкерлери орус милициясы менен биргеликте мекендештерин опузалоого жана адам уурдоого шектелген уюшкан кылмыштуу топту кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, кармалган топтун башында 1988-жылы Нарын облусунда туулган «Карагер» каймана аттуу киши турары белгилүү болгон. Буга чейин ал адам өлтүрүү, каракчылык, тоноо, бейбаштык жана алдамчылык үчүн соттолгон, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

ИИМден билдиришкендей, 10-июнь күнү министрликтин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кыргызстандык кайрылып, «Кузьминки» паркынын аймагында бейтааныш бирөөлөр тууганын уурдап, белгисиз тарапка кеткенин айтып берген.

Милиция издөө амалдарын баштап, иш-чаранын жыйынтыгыда Москвадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 1990-жылкы жабырлануучуну тапкан. Милициянын маалыматына ылайык, шектүүлөр аны күч колдонуп кармап, 1,8 млн рубль опузалашкан.

Батирдин өзүндө аталган кылмыштуу топтун лидери, «Карагер» дагы болгон. Андан сырткары батирде дагы 8 киши болгон. Алар Ош, Жалал-Абад, Талас жана Баткен облустарында туулган адамдар. Батирди тинтүүдө травматикалык тапанча да табылган.

Бул факты боюнча Кузьминки райондор аралык тергөө бөлүмү Орусиянын Жазык кодексинин «Уюшкан кылмыштуу топ жасаган адам уурдоо» жана «Уюшкан кылмыштуу топтун өзгөчө ири өлчөмдө мүлктү алуу максатында зомбулукту колдонуу менен опузалап талап кылуусу» беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

ИИМ кылмыштуу топ Москва жана Москва облусундагы ушундай эле эки кылмышка тиешеси бар экенин кошумчалады.