Депутат Дастан Бекешев Кыргызстанда камакта кыйноодон улам каза тапкан адамдар болгонбу же жокпу деп сурады. Мындай маселени эл өкүлү Жогорку Кеңештин 15-июнундагы жыйынында козгоду. Жыйында Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун баяндамасы каралып жаткан.
Борбордун директору Бакыт Рысбеков божомол боюнча 2020-жылы кыйноодон улам бир адам каза тапкан деп жооп узатты. «Биздеги маалымат боюнча 2019-жылдан 2020-жылга чейин жалпы жабык абактарда 151 адам каза тапкан. Ал эми 2020-жылы кыйноодон каза болушу мүмкүн деген бир божомол бар. 2020-жылдын 17-октябрында Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылынын тургундары тарабынан ИИМдин М.К аттуу кызматкерине карата билдирүү келип түшкөн», — деп жооп берди Рысбеков.
Мындан тышкары, Бекешев Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбору УКМКнын тергөө изоляторуна акыркы жолу качан барып саясат талдоочу Марат Казакпаевден кабар алганына кызыкты.
Бакыт Рысбеков Марат Казакпаев камакта жаткан кезде ага үч жолу барганын айтты. Анын айтымында, акыркы жолу Казакпаевге ооруканага түшүп каза болуп калганга чейин барышкан.
«26-апрелде бизге анын жубайы кайрылган. Ошол эле күнү улуттук борбор УКМКнын ТИЗОсуна Казакпаевдин ден соолугунун абалы боюнча шашылыш кайрылуу жиберген. Кайрылуубузда Саламаттык сактоо министрлигинин мекемелеринин биринде Казакпаевдин ден соолугун текшерүүдөн өткөрүү керектиги жазылган, кийин бул ишке да ашырылган. Казакпаев госпиталга көчүрүлгөн. (...) 9-июнда Казакпаевдин дарты менен абакта кармаганга болбойт деген корутунду жазылган билдирүү жибергенбиз», — деди Рысбеков.
Ошондой эле депутат абакта ден соолугу оор дагы канча адам кармалып жатканын сурады.
«Азыр так санын айта албайм. Жабык жайларда оорусунан улам бошотуу практикасы Батукаевдин окуясынан кийин токтогон. Бир жаран коё берилген, бирок бир айга жетпей үйүндө каза болгон. Мындай учурлар көп», — деп жооп берди борбордун жетекчиси.
Марат Казакбаевдин өлүмү
Марат Казакпаев журналисттерге өлкөдөгү саясий окуяларга пикирин билдирген адам катары белгилүү болчу.
Ал 2021-жылдын 13-апрелинде УКМК тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган. Үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Казакпаев гемморрагиялык инсульт болуп, мээсине кан уюп, ТИЗОдон реанимацияга жеткирилгени белгилүү болгон. Эртеси, 10-июнда көз жумган.
УКМК Казакпаевдин өлүмү боюнча билдирүү таратып, саясат таануучу мээсине кан уюп каза болгонун билдирген. Атайын кызматтан Казакпаев «ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турганын жана абалы канааттандырарлык деп бааланып келгенин» белгилешкен. Мамлекеттик комитеттен 9-июнда Казакбаевдин абалы кескин начарлап, УКМКнын демилгеси менен дароо реанимацияга жеткирилгенин кошумчалашкан.
Казакпаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Казакпаевдин туугандары макул болсо соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү тууралуу арыз жазууга ниеттенип жатканын билдирген.
«Өлүмүнүн себептерин жана ага өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп-көрсөтүлбөгөнүн текшерүү керек. УКМКнын ТИЗО жана медициналык кызматынын кызматкерлеринин аракеттерин текшеребиз. Канчалык деңгээлде туура жана өз убагында жардам көрсөтүштү, суроолор бар. Олуттуу маселе, адам каза болуп жатат. Өлбөш керек болчу», — деген ал.
13-июнда Акыйкатчы институту Казакпаевдин өлүмүн жагдайын иликтей турган коомдук комиссия түзгөнү белгилүү болгон.
Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 15-июнда «Новые лица» басылмасына маек куруп, Казакпаевдин өлүмүнө бийликтин «эч кандай тиешесиз жоктугун» айткан. Анын айтымында, саясат талдоочунун жакындарынын маркум УКМКнын ТИЗОсунда кыйноого алынганы тууралуу билдирүүлөрүн «жалган» деп атаган. Ташиев УКМКнын ТИЗОсунда кыйноо «эч качан болгон эмес, болбойт дагы» деп белгилеген.
Ошондой эле Ташиев Казакпаев «ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турган жана абалы канааттандырарлык деп бааланган» деп билдирген.