Мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен эки жаран кармалды — УКМК

Мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен Кыргызстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Коопсуздук комитети шектелгендердин бул ишке аралашканы боюнча «төгүнгө чыгарылгыс далилдер» бар экенин, сотко чейинки өндүрүш уланып жатканын билдирди.

«“Мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси менен катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул кылмышка барууга өлкөнүн айрым жарандарынын катыштыгынын төгүнгө чыгарылгыс далилдери табылган. Бир катар тергөө амалдары жүргүзүлүп, мамлекетке чыккынчылык кылууда катыштыгы болгонуна далилдер табылгандан кийин 2021-жылдын 13-апрелинде Кыргызстандын М.К. жана М.Т. жарандары кармалган», — деп билдирүүдө жазылган.

«Кылмыш ишине берилген жашыруун сырдын даражасын эске алып», кармалгандардын аты-жөнүн жана иштин кырдаалын ачыкка чыгаруу мүмкүн эмес. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча иштин чоо-жайы коомчулукка айтылат деп убада берилди.

Ал эми юрист Нурбек Токтакунов фейсбук барагына мамлекетке чыккынчылык кылды деп кармалгандардын бирөөсү саясат таануучу Марат Казакпаев экенин жазды.

«Бул эмне деген тыңчылык, же кезектеги абсурдбу?» — деп жазды ал.

УКМК тараткан билдирүүдөгү шектүүлөрдүн бири М.К. аттуу жарандын кыскартылган аты-жөнү Марат Казакпаевге туура келет.

Атайын кызмат учурдагы мыйзамга ылайык мамлекетке чыккынчылык кылуу үчүн 10 жыл эркинен ажыратыларын билдирди.