Чыккынчылыкка айыпталган Марат Казакпаев комага түшүп, реанимацияга жаткырылды

Мамлекеттик чыккынчылкка айыпталган саясат таануучу Марат Казакпаев комага түшүп, тергөө изоляторунан реанимацияга жеткирилди. Маалыматты «Клоопко» жактоочусу Икрамидин Айткулов тастыктады.

Ал Казкпаев УКМКнын тергөө абагынан 9-июнь күнү эртең менен Шаардык №1 клиникалык ооруканасына жеткирилгенин билдирди.

«Казакпаев гемморрагиялык инсульт болду. Мээсине кан уюп калган. Ал комада. ИВЛ аппаратына туташтырылды. Абалы оор», — деп кошумчалады Айткулов.

Саясат таануучунун туугандары врачтар эч кандай болжоо маалыматтарын да бербей жатышканын билдиришти.

«Жакында эле бир жума ооруканада жатып чыккан. [Бийлик] абалын билип турса да кыйнаганын коюшпады. Кармалганга чейин ден соолугуна даатанчу эмес», — дешти саясат таануучунун жакындары.

Казакпаевдин иши

Марат Казакпаев журналисттерге өлкөдөгү саясий окуяларга пикирин билдирген адам катары белгилүү.

Ал 13-апрелде УКМК тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган. Аны менен бирге М.Т. аттуу дагы бир шектүү болгон.

УКМК шектелгендердин экөө тең Кыргызстандын улуттук коопсуздугун ички жана сырткы коркунучтардан коргоону камсыздоо иштери жүрүп жатканда, атап айтканда, чет элдик атайын кызматтар менен уюмдарга каршы туруу учурунда кармалганын баса белгилеген.

«Төгүнгө чыгарылгыс далилдер табылды. Жасалган кылмыштар үчүн жазык жоопкерчилиги 10 жылды түзүшү мүмкүн. Бул иш улуттук коопсуздукка байланыштуу болгондуктан, ал жашыруун сыр болуп саналат», — деп УКМКдан билдиришкен.

2021-жылдын 9-июнунда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери УКМКнын ТИЗОсуна барып Казакпаевден кабар алышкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакпаев ден соолугуна, атап айтканда, кан басымынын жогорулашына жана бөйрөк жетишсиздигине даттанган.

Мындан тышкары, Казакпаев дагы эле өзүнүн кылмыш ишин иликтеп жаткан тергөөчү ким экени билине электигин кошумчалаган.

«Ошол эле учурда ага карата УКМК кызматкерлери тарабынан психологиялык кысым көрсөтүлүп, адвокат Икрамидин Айткуловдун кызматынан жана ага жүктөлгөн адвокаттын кызматын кабыл алуудан баш тартып, тергөөчүлөр сунуш кылган адвокат менен иштешүүнү талап кылып жатат. Болбосо, Казакпаевдин айтымында, аны Бишкектеги №1 ТИЗОго которуп, ага ар кандай физикалык кысым көрсөтүүгө даяр кылмышкерлер менен бир камерага отургузабыз деп коркутуп атышат», — деп белгилешкен укук коргоочулар.

Акыйкатчы институтунан Казакпаев «мамлекеттик кызматкер бобогонун жана жашыруун документтерге аралашууга мүмкүнчүлүгү жок болчу» деп айтканын дагы билдиришкен.

«Бирок, буга карабастан, КР УКМК кызматкерлери андан мамлекеттик кызматкер болгон башка адамга каршы “көрсөтмө берүүсүн” талап кылышууда», — деп айтышкан мекемеден.

Казакпаев өзүнө карата камакка алуу жана кыйноо түрүндөгү туруктуу жана күчтүү психологиялык кысымды буга чейин айткан кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым маселелер боюнча жеке позициясы менен байланыштырат.