Казакпаевдин өлүмүн жана аскердин сабалышын иликтөө боюнча коомдук комиссия түзүлдү

Акыйкатчы институту коомдук комиссия түздү. Комиссия саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмүн жана ӨКМдин аскердик бөлүгүндө кызмат өтөгөн аскердин сабалышын иликтейт. Бул тууралуу «Азаттыкка» акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.

Акыйкатчы комиссиянын курамына укук коргоочулар, жарандык коомдун, Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун, Акыйкатчы институтунун жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирерин айтты.

Абдрахматов Акыйкатчы институту Марат Казакпаевдин өлүм жагдайы боюнча дагы кызматтык иликтөө жүрүп жатканын белгиледи.

«Саясат таануучунун туугандары 2021-жылы биздин институтка кайрылып, буга чейинки ишке дооматы, наарызычылыгы бар экен», — деди Абдрахматова.

Марат Казакбаевдин өлүмү

Марат Казакпаев журналисттерге өлкөдөгү саясий окуяларга пикирин билдирген адам катары белгилүү эле.

Ал 2021-жылдын 13-апрелинде УКМК тарабынан мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалган. Үстүбүздөгү жылдын 9-июнь күнү Казакпаевдин гемморрагиялык инсульт болуп, мээсине кан уюп, ТИЗОдон реанимацияга жеткирилгени белгилүү болгон. Ал 10-июнь күнү көз жумган.

УКМК Казакпаевдин өлүмү боюнча билдирүү таратып, саясат таануучу мээсине кан уюп каза болгонун билдирген. Атайын кызматтан Казакпаев «ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турганын жана абалы канааттандырарлык деп бааланып келгенин» белгилешкен. Мамлекеттик комитеттен 9-июнда Казакбаевдин абалы кескин начарлап, УКМКнын демилгеси менен дароо реанимацияга жеткирилгенин кошумчалашкан.

Казакпаевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Казакпаевдин туугандары макул болсо соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү тууралуу арыз жазууга ниеттенип жатканын билдирген.

«Өлүмүнүн себептерин жана ага өз убагында медициналык жардам көрсөтүлүп-көрсөтүлбөгөнүн текшерүү керек. УКМКнын ТИЗО жана медициналык кызматынын кызматкерлеринин аракеттерин текшеребиз. Канчалык деңгээлде туура жана өз убагында жардам көрсөтүштү, суроолор бар. Олуттуу маселе, адам каза болуп жатат. Өлбөш керек болчу», — деген ал.

Бекзат Эсенбековдун ур-токмокко алынышы

Катардагы жоокер Бекзат Эсенбеков 31-майдан 1-июнга караган түнү ӨКМдин №86123 аскердик бөлүгүндө ур-токмокко алынган. Ал 4-июнда гана ооруканага табарсыгы жарылып оор акыбалда жаткырылган. Эсенбековдун туугандары аскердик бөлүктө аскерден дайыма акча опузалашып, катуу сабап жүрүшкөнүн айтышкан. Эсенбеков Талас облусунда туулган. Ал 2021-жылы аскерге чакырылган.

7-июнь күнү Башкы прокуратура ӨКМнын аскердик бөлүгүнүн прапорщиги Төрөбай Жаныбек уулу кармалганын билдирген. Ал 20 жаштагы кыска мөөнөттүк тартипте кызмат өтөп жаткан катардагы жоокерди сабоого шектелип жатат.

Ал эми аталган факты боюнча Аскердик прокуратура «Бийликтен аша чабуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

ӨКМден 1-июлда аскерди кезметте турган фельдшер текшерип, катардагы жоокердин буту шишип кеткенин аныктаганын билдиришкен. Мекеменин маалыматына ылайык, аскер 2-июнда Беловодск айылдык ооруканасына жеткирилип, ал жерден ага «пневмония» диагнозу коюлуп, шаардык Клиникалык тез жардам ооруканасына жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Бекзат Эсенбековдун сабалганына байланыштуу аскер бөлүгүнүн тиешелүү аскер жетекчилеринин баары кызматынан убактылуу четтетилгенин белгилеген.

Ал окуяга байланыштуу «бейтарап текшерүү» жүргүзүлүп, «күнөөлүүлөрдүн баары жоопкерчиликке тартыларын» убадалаган. Шамырканов катардагы жоокердин сабалышы боюнча окуя министр Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө экенин кошумчалаган.