Мугалимди мазактоо үчүн ата-энелерге штраф салуу: Мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты

Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи окууда Укук бузуулар тууралуу кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн добуш беришти. Анда мугалимдерди сыйлабаган окуучуларга жана алардын ата-энесине айып салуу сунушталган.

Депутат Дастан Бекешевдин маалыматына ылайык, түзөтүүлөрдү парламенттин 63 депутаты колдоду.

Түзөтүүлөрдө эмнелер сунушталган?

Укук бузуулар тууралуу кодексине түзөтүүлөрдү депутаттар Мирлан Самыйкожо, Аманкан Кенжебаев жана Улан Бакасов демилгелешкен. Мыйзам долбоору коомдук талкууга 22-февралда чыгарылган.

Депутаттардын пикиринде, өзгөртүүлөр «педагогикалык кызматкерлерге карата мазактоо, жаман сөз айтуу, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана адепсиз жаңсоолорду, нерселерди көрсөтүү түрүндөгү мамиле үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында» иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде окуучулар жана алардын ата-энелери тарабынан «педагогикалык кызматкерлерди мазактоо, а түгүл кол салуу окуяларынын көбөйүшү билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнүн олуттуу төмөндөшүнө гана эмес, кепилденген педагогикалык кызматкерлердин коомдогу өзгөчө укуктук статусунун ылдыйлашына алып келет» деп айтылат.

Штрафтын өлчөмү кандай болот?

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Аманкан Кенжебаев «Клоопко» курган маегинде окуучулардын ата-энелерине айып 12 жаштан баштап салынарын айтты. Айып пул 2 миң сомду түзөт. Эгер укук бузуу кайталанса, 5000 сом өлчөмүндө айып пул же 3 суткадан 5 суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алуу чарасы көрүлөт.

«Бул мыйзам долбоору жогорку класстардын окуучуларына багытталган. Жашы 12 жаштан ылдый балдар көп тартип бузушпайт», — деген ал мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилерин кошумчалап.

Мыйзам долбоорунда мындай санкциялар жашы жете элек окуучунун ата-энесинин бирине же эгерде ал эрезеге жеткен болсо окуучунун өзүнө же ошого жараша тарбиялык мамилелердин катышуучусу болгон башка адамга колдонулары айтылат.

Депутаттар мугалимдерди кемсинткен окуучулардын ата-энелерине айып пул салуу тууралуу мыйзам долбоорун Сузакта мектеп окуучусу мугалимдин ур-токмогуна кабылган шартта демилгелей башташкан. Окуядан кийин милиция жана Билим берүү жана илим министрлиги териштирүү баштаган. Жалал-Абад ОИИБнен окуя маалыматтарды катоо журналына киргизилгенин айтып беришкен.

Аталган окуя коомчулуктун бүйүрүн кызытып, ал эми бийлик тарабынан түрдүү пикирлер айтылган. Алсак, буга байланыштуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев менен минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ойлорун айтышкан.

Тема боюнча окуңуз: Парламентте мугалимди «сыйлабаган» окуучуларга жана ата-энелерге айып салуу сунушталды