Мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпова УКМКга суракка чакыртылды

Мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпова Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу ал 16-июнда Фейсбук барагында билдирди.

Жакыпова комитеттен эки жаш жигит келгенин билдирди. Алар Жакыпованы 17-июнда саат 15:00гө УКМКга кылмыш иши боюнча келип кетүүсүн талап кылышкан, бирок кайсыл иш боюнча экенин айтышкан эмес, «документтерин да тыңыраак көрсөтпөй коюшкан».

«Эртең чакыруу кагазы келерин айтышты! Мен коркпоймун! Мени менен эмне гана болбосун мага кабатыр болбогула. Мени угуп жүрүшкөн (тыңшап — ред.) деп шекшип жатам, акыркы кезде өлкөдө болуп жаткан окуялар боюнча катуу эле айтып жүргөм. Бардыгына нааразы элем десем да болот. Молдавановканы да жакшы билем. Атам түрмөдө отурганда балалыгым ошол жерде эле өткөн. Кыйноого да чыдайм, ишенип койгула!» — деп жазды ал

Жакыпова УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, кайсыл кылмыш иштин алкагында чакырылып жатканын айтуусун суранды.

«Тапшырма бериңиз, эмне кылмыш ишин козгошконун айтып беришсин. Баса, жаныма тиш щеткасы менен пастасын алып алайынбы?» — деп жазды ал.

Ошондой эле экс-министр үч жыл мурда ага УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин бири жазып, аны 1990-жылдардын аягында «батыштын пайдасына тыңчылык кылган» деген кине менен камагысы келгендерин айтып бергенин кошумчалады.

Чынара Жакыпова — тарых илимдеринин доктору, профессор. Казань мамлекеттик университетинде (КМУ) Европа жана Американын жаңы жана акыркы тарыхы кафедрасында, ошондой эле СССР тарыхы кафедраларында иштеген. 1990-жылдардын башында Билим берүү министрлигин жетектеп, кийин өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

Ошондой эле ал Стратегиялык изилдөөлөр борборунда иштеген. Көз карандысыз «Политика» гезитин негиздеген, бирок бийлик аны тез эле жаап салган. «Соорос Фондунун» аткаруучу директору, андан соң башкармалыгынын төрагасы болгон. Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча британиялык IWPR институтунун өкүлчүлүгүндө, кийинчирээк Коомдук саясий институтунда иштеген.