«3 млн сом». Лебединовкада чет өлкөлүк ишкерлерди тоноого шектелип беш адам кармалды

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Чүй районунун Лебединовка айылында чет өлкөлүк ишкерлерди сабап, тоноого шектелип беш адамды кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-майга караган түнү Лебединовка айылындагы темир кабыл алуучу ишканага кол салуу болгон. Милициядан билдиришкендей, карактоо учурунда шектүүлөр компаниянын ээлерине кол салып, ичинде 3 миллион сом салынган сейфти жана видео-байкоочу камералардын катуу дисктерин алып кетишкен.

Милициядан шектүүлөрдүн бири ошол эле фирмада котормочу болуп иштеп келгенин билдирди.

«Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча шектүү фирмада чет өлкөлүк жарандар менен иштечү. Кылмышты алдын ала пландаштырып, шериктери менен темир куралдарды колдонуп, маска тагынып оор кылмыш жасашкан», — деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча «Каракчылык» беренси менен иш когзолуп, тергөө амалдары жүргүзүлдү. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Автору: Аделя Именова.