Депутат Сыдыгалиев байманалуу жашоосун тарткан кыз менен тууганчылык байланышын четке какты

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев ТикТокто @meerim_kn аттуу ысым менен катталган колдонуучу анын кызы деген маалыматты төгүндөдү.

Буга чейин @meerim_kn байманалуу жашоосу жана таасирдүү байланыштары тууралуу бир катар видеоролик жүктөгөн. Алардын биринде колдонуучу атасын көрсөтүп, бетин стикер менен жаап койгон. Соцтүйүндөрдүн колдонуучулары сүрөттө депутат Сыдыгалиев деп таанышкан.

«Ал менин кызым эмес […] Менин төрт балам бар, улуу кызым турмушка чыккан. Кичүүсү мектепти аяктап жатат — көркөм гимнастика боюнча спорт чебери, Бишкектин төрт жолку чемпиону. Ошондой эле 12 жана 7 жаштагы эки уулум бар», — деп айткан ал AKIpress’ке курган маегинде.

Вице-спикер видео тарткан кыз «биринчи эле туш болгон депутаттын сүрөтүн алып, аны быйтыкча менен жаап койгон» деп эсептейт.

Ушул тапта meerim_kn аттуу колдонуучунун ТикТоктогу жана Инстаграмдагы публикациялары жок болуп кетти.