Екатеринбургда Кыргызстанда өндүрүлгөн Coca-Cola, Fanta жана Sprite сатыла баштады

Орусиянын дүкөндөрүндө Кыргызстанда өндүрүлгөн Coca-Cola, Fanta жана Sprite суусундуктары сатыла баштады. Бул тууралуу орусиялык E1.RU. жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, суусундуктар Екатеринбургдагы жергиликтүү дүкөндөрдүн биринен табылган. Бөтөлкөнүн эн белгисинде кыргызча жазууларды көрүүгө болот.

Буга чейин бир катар батыш өлкөлөрү орус аскерлери Украинага кол салгандан кийин Орусияга карата экономикалык жана технологиялык бир катар санкцияларды салган. Мындан тышкары, көптөгөн ири эл аралык компаниялар Орусиянын рыногунан кетээрин билдиришкен. Алардын арасында Coca-Cola компаниясы дагы бар. Алар суусундуктарын жана башка товарын Орусияда чыгарып жана сатууну токтото турганын айтып чыгышкан. Компаниядан кампадагы товардын запасы түгөнсө, Орусиянын дүкөндөрүндө продукция жок болот деп түшүндүрүшкөн.

Орусиялык «Фонтанка» басылмасы Орусияда Coca-Cola’нын ордун Funky Monkey Cola жана Orange деген суусундуктар ээлей турганын жазган.