Аскар Акаев: Даярдык болуп жатканын билип, атымды кан төгүүлөр менен байланыштыргым келген жок

Бозгун президент 90-жылдары Кыргызстанда өнүгүү темпи жакшы болгонун, бирок 2000-жылдары көйгөйлөр жаралганын айткан. Анын пикиринде, Кыргызстандагы төңкөрүштү АКШ уюштурган.

«Мен бул тууралуу ачык айта алам, анткени АКШнын элчиси Янг мырза ачык эле, айрыкча Грузия жана Украинадагы революциялардан кийин [Америка Кошмо Штаттары] төңкөрүштөрдү уюштурганы тууралуу айткан. Маселе, балким мен өлкөдөн чыгып кетип туура эмес кадам кылгандыгымда. Көпчүлүк өлкөдө калыш керек болчу деп айтат. Бирок, мен кан төгүүгө даярдыктар болуп жатканын билгендиктен, өз атымды кан төгүүлөр менен байланыштыргым келген жок. Өлкөдөн чыгып кетүүнү чечтим, жана буга өкүнбөйм», — деди Акаев.

Акаев Алматы шаарына 19-июнда келген. Ал Казакстандын бир катар мамлекеттик жогорку окуу жайларында илимий лекция өттү.

Москвалык жана орусиялык бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын президиумунун мүчөсү Арстан Талгарбековдун айтымында, Казакстанда Акаевге «Казакстан Улуттук университетинин ардактуу профессору» наамы ыйгарылды. Ошондой эле «AlmaU’нун (Алмата университети) ардактуу профессору» наамы тапшырылды.

Тема боюнча окуңуз: Күндүн цитатасы: Туңгуч президент Аскар Акаев 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылап тууралуу

Аскар Акаев деген ким?

Аскар Акаев — Кыргызстандын биринчи качкын президенти. Ал 2005-жылдагы «жоогазын ыңкылабынан» кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Өлкөнү 15 жылдан ашык башкарган. Революциянын чыгышына эл аралык байкоочулар тарабынан таза эмес деп табылган парламенттик шайлоо себеп болгон. Ошондой эле Акаев туугандарын жогорку кызматтарга койгон деп да айыпталган.

Бийлик алмашкандан кийин, 16 жылдан кийин Акаев Кыргызстанга учуп келген. 2021-жылы августта ал «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Акаевдин келиши коомдук резонанс жараткан. Айрым саясатчылар ал өлкөнү башкарган 15 жылдын ичинде жасаган кылмыштарын унутпоого чакырышкан.

Акаев 2005-жылы Орусияга качып, азыркы тапта Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Татаал системаларды математикалык изилдөө институтунда башкы илимий кызматкер болуп иштейт.