Чүй ОИИБи: Уурулукка шектелген кишини өз алдынча жазалаган тургундардын аракетине баа берилет

Социалдык тармактарда уурулукка шектелген 57 жаштагы кишини жылаңачтап, түркүккө скотч менен таңып коюшкан видео тарады. Окуя 20-июнда Бишкектин Ак-ордо конушунда болгону белгилүү болду.

Тасмада скочтолгон адам Ош облусунун Чоң-Алай районун тургуну экенин айткан. Ал эми тургундар аны башка уруп-согуп, ыплас сөздөр менен сөгүп жатканын угууга болот.

Тургундар шектүүнүн көкүрөгүнө «ууру» деп жазып, датасын кошо коюлган кагазды кошо чаптап коюшкан.

«Мына Ак-Ордонун жамааты, бизге өзгөчө Алайдан уурулар келип калыптыр. Колуңду сындырып эле салсак [...]. Мындай бет барбы? Мунун улуту өзбек экен. [...] Көзүңдү оюп салса», — деп сүйлөп жатканын угууга болот.

Ал эми Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан «Клоопко» окуя боюнча териштирүү иштери башталганын билдиришти.

Сокулук райондук ички иштер башкармалыгына уурулукка шектелген адамды жергиликтүү тургундар кармап алганы боюнча маалымат 20-июнда саат 16:00 чамасында келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери Ак-Ордо конушуна барышканда саат 15:20да тургундар телефон уурдоого айыпталган кишини түркөккө байлап койгону аныкталган.

«Шектүү 20-июнда саат 15:00дөн 16:00гө чейин жашоочулардын биринин үйүнө кирип, бир нече жуп бут кийим жана мобилдик телефон уурдап, изин жашырып кеткен. Аталган конуштун 56 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 14 500 сомго материалдык зыян келтирилгенин жазган», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча «Уурдоо» беренеси менен катталып, кылмышка шектүү кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүүнүн туугандары райондук милицияга келип, аталган киши психиатриалык ооруканада каттоодо турганын жана 2020-2021-жылдары дарыланганын билдиришкен. Ошондой эле алар шектүү жасаган иштерине жооп бере албайт деп белгилешкен.

Уурулукка шектелген кишинин жакындары жергиликтүү тургундардын жоругуна карата арыз жазуудан баш тартышкан. Анткен менен милициядан

тургундардын иш-аракеттери боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын кошумчалашты.