Эл аралык олимпиада комитети кыргызстандык 15 спортчуга ай сайын стипендия төлөйт

Эл аралык олимпиада комитети (ЭОК) спорттун олимпиадалык түрү менен машыккан кыргызстандык 15 спортчуга ай сайын 500 доллар өлчөмүндө стипендия төлөп берет. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетине таянып Kaktus.Media басылмасы жазды.

Комитеттен спортчуларга стипендия 2022-жылдын 1-майынан тартып 2024-жылдын 31-августуна чейин төлөнөрүн айтышты.

Стипендия ала турган спортчулардын тизмеси:

  • Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү;
  • Жоламан Шаршенбеков — грек-рим күрөшү;
  • Алибек Осмонов — эркин күрөш;
  • Бекболот Мырзаназар уулу — эркин күрөш;
  • Эрназар Акматалиев — эркин күрөш;
  • Айсулуу Тыныбекова — аялдар күрөшү;
  • Мээрим Жуманазарова — аялдар күрөшү;
  • Айпери Медет кызы — аялдар күрөшү;
  • Калмира Билимбекова — аялдар күрөшү;
  • Владимир Золоев — дзюдо;
  • Нурсултан Кенешбеков — жеңил атлетика;
  • Гулшаной Сатарова — жеңил атлетика;
  • Денис Петрашов — сууда сүзүү;
  • Бекдөөлөт Расулбеков — оор атлетика;
  • Нурадин Рустамбек уулу — бокс.