«Мегакомдун» мурдагы башчысы Акылбек Жамангулов үй камагына чыгарылды

Бишкектин Октябрь райондук соту парламенттин мурдагы депутаты, «Мегакомдун» экс-директору Акылбек Жамангуловду үй камагына чыгарды.

Бишкек шаардык сотунан мындай чечимди 20-июнда кабыл алынганын билдиришти.

Экс-депутат Акылбек Жамангуловдун 12-мартта ири суммадагы алдамчылыкка шектелип кармалган. Кийинчерээк Башкы прокуратура Жамангуловго байланышкан кылмыш иши боюнча Вонте Ким аттуу Түштүк Кореянын жараны кармалганын билдирген.

Жамангулов алтынчы чакырылышта «Республика-Ата-Журт» партиясынан депутат болгон. 2018-жылдын октябрында «Мегаком» байланыш операторунун башчысы кызматына барганы үчүн парламент депутаттыгынан баш тарткан.

2020-жылдын августтунда ал парламенттик шайлоого бийликчил «Биримдик» партиясынан катышуу үчүн «Мегакомдун» башкы директорлугунан кеткен. Ал партиянын тизмесинин сап башында турган.

2020-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен «Биримдик» эң көп мандат алган. Бирок шайлоонун жыйынтыгы саясий кризистин жана 2020-жылдын октябрында өлкөдө бийликтин алмашуусунун негизги себеби болуп калган. Ошентип шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.