ЖМК: Экс-депутат Акылбек Жамангулов алдамчылыкка шектелип камакка алынды

Акылбек Жамангулов

Кыргыз ЖМКлары өздүк булактарына таянып экс-депутат Акылбек Жамангуловдун камакка алынганын жазып жатышат. Super.kg басылмасы болсо Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына таянып жазды.

«Кактус Медиа» басылмасы саясатчыны алдамчылыкка шектеп Башкы прокуратуранын кызматкерлери кармаганын билдирди. 24.kg басылмасы да ушундай маалымат таратты.

«Алдын ала маалыматтарга караганда, Жамангулов Түштүк Кореядан келген инвесторлордон ири суммадагы акча алып, бирок өз милдеттерин аткарбай, акчаны өздөштүрүп алган», — деп билдирди «Кактус Медиа» басылмасы.

Бул маалымат жарыяланып жатканда Башкы прокуратура менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Акылбек Жамангулов алтынчы чакырылышта «Республика-Ата-Журт» партиясынан депутат болгон. 2018-жылдын октябрында «Мегаком» байланыш операторунун башчысы кызматына барганы үчүн парламент депутаттыгынан баш тарткан.

Акылбек Жамангулов «Мегакомдун» эң жаш жетекчиси болгон, ошол учурда — 30 жашта эле. 2015-жылга чейин бир нече заводдо башчылык кызматтарды аркалаган. Ал Кеминде ZETH Cement заводунун аткаруу директору, «Шанфэн ЗЭТ Цемент» ишканасынын башкы директорунун орун басары болуп, алтын казуу боюнча Gold King Plus компаниясын башкарган.

2008-жылы ал «Тар -Суу» ЖЧКсынын аткаруу директору болуп, андан соң «Кыргыз агро азык-түлүк корпорациясында» бир катар жогорку кызматтарды ээлеп, үч жыл «Манас» аэропортунун башкармалыгынын мүчөсү болгон.

Жамангулов 15 жашынан, Балыкчынын ликер-арак азыктары заводуна адис болуп орношкондон тарта иштей баштаганы кабарланууда.

2020-жылы ал парламенттик шайлоого бийликчил «Биримдик» партиясынан катышуу үчүн «Мегакомдун» башкы директорлугунан кеткен. Ал партияны тизмесинин сап башында турган.

Партия шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке өткөн, бирок Жамангулов жетинчи чакырылыштын курамына кошулган эмес. 2020-жылдагы шайлоо массалык мыйзам бузуулар, атүгүл атаандаш партиялардын өкүлдөрүнүн массалык мушташы менен эсте калган.

Анда парламентке бийликчил «Биримдик», Матраимовдор кланына байланышы бар «Мекеним Кыргызстан» жана бийликке лоялдуу «Кыргызстан» партиялары өтүп, көпчүлүк мандатты ушул үч партия бөлүшүп алган. Ал эми оппозициячыл «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 7%дык шайлоо босогосунан өтүп, эң аз мандат алмак.

Бирок 5-октябрда кыргызстандыктар шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп митингге чыгышкан, жыйынтыгында Ак үйдү басып алып, абактагы саясатчылар бошотулган, алардын катарында Садыр Жапаров да бар. Натыйжада 2020-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, алтынчы чакырылыш ашыкча дагы бир жыл парламентте отурган.