Экс-депутат Акылбек Жамангуловдун иши боюнча Түштүк Кореянын жараны кармалды

MegaCom компаниясынын мурдагы директору Акылбек Жамангуловго байланышкан кылмыш иши боюнча Вонте Ким аттуу Түштүк Кореянын жараны кармалды. Маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Шектүү 12-мартта Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

«Корея Республикасынын инвесторлорунун өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. (...) Белгиленген кылмыш ишинин алкагында аталган кылмыш шектелип Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү тарабынан MegaCom’дун мурдагы башкы директору жана Кореянын жараны Ким Вонте (Kim Wontae) кармалды», — деп билдирди прокуратура.

Мындан тышкары, Ро Донггун аттуу дагы бир Түштүк Кореянын жаранына карата тергөө амалдары жүрүп жатат.

Инвесторлорду алдоо

Бул иште Джанг Джэенг аттуу жаран жабырлануучу катары өтүп жатат. Ал 24.kg’ге Кыргызстанга инвестиция салууну жана завод ачууну каалаган компанияда иштерин айтып берди. Башкы прокуратура инвестор компанияны атады — ал АО BTMG ишканасы.

«Мен иштеген компания Кыргызстанга ири көлөмдө акчалай инвестиция салууну каалаган эле. Дээрлик 2 милион 300 миң доллар которулган», — деди Джанг Джэенг.

Акча каражаты Ким Вонте менен Түштүк Кореянын дагы бир жараны Ро Донггунга өткөрүп берилген.

«Алар которулган акчаны алгандан кийин заводду ачууга делген акчанын пайдалануу максаты өзгөргөн. Көрсө алар каражатты гольф-клубун ачууга жумшагылары келген экен. Бул жөнүндө мага кийин гана айтышты. Мен буга чейин Кыргызстанда бир да болгон эмесмин, мени бул инвестициянын эң ыңгайлуу багыты деп ынандырышкан. Көрсө келишимдер жасалма экен да», — деп айтты Джанг Джэенг.

Башкы прокуратурадан «иликтөө уланып жатканын жана ишкерлер менен инвесторлордун укуктары коргооо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын» билдиришти.

Акылбек Жамангуловдун кармалышы

Буга чейин экс-депутат Акылбек Жамангуловдун кармалганы маалымдалган. Ал да 12-мартта кармалган — тергөө экс-депутат ири суммадагы акчаны ыйгарып алууга шектелип жатканын билдирген. 14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 12-майга чейин ЖАКтын №21 мекемесине киргизген.

Акылбек Жамангулов алтынчы чакырылышта «Республика-Ата-Журт» партиясынан депутат болгон. 2018-жылдын октябрында «Мегаком» байланыш операторунун башчысы кызматына барганы үчүн парламент депутаттыгынан баш тарткан.

Акылбек Жамангулов «Мегакомдун» эң жаш жетекчиси болгон, ошол учурда — 30 жашта эле. 2015-жылга чейин бир нече заводдо башчылык кызматтарды аркалаган. Ал Кеминде ZETH Cement заводунун аткаруу директору, «Шанфэн ЗЭТ Цемент» ишканасынын башкы директорунун орун басары болуп, алтын казуу боюнча Gold King Plus компаниясын башкарган.

2008-жылы ал «Тар -Суу» ЖЧКсынын аткаруу директору болуп, андан соң «Кыргыз агро азык-түлүк корпорациясында» бир катар жогорку кызматтарды ээлеп, үч жыл «Манас» аэропортунун башкармалыгынын мүчөсү болгон.

2020-жылы ал парламенттик шайлоого бийликчил «Биримдик» партиясынан катышуу үчүн «Мегакомдун» башкы директорлугунан кеткен. Ал партияны тизмесинин сап башында турган.