Экс-депутат Жамангулов «Биримдик» менен шайлоого катышуу үчүн «Мегакомдон» кетти

«Мегакомдун» башкы директору жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Акылбек Жамангулов келе жаткан парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кетти. Ал шайлоого «Биримдик» партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесин баштап барат.

Мындай чечим партиянын 19-августта өткөн съездинде кабыл алынды. Ошондой эле, делегаттар партиянын идеологиялык платформасын талкуулашты. Партия жакын арада коомчулукка өз программасын көрсөтмөкчү.

«Биримдик» саясий партиясын учурдагы бийлик менен, ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков менен байланыштырышат.

Акылбек Жамангулов 2015-жылы «Республика — Ата-Журт» партиясынан VI чакырылыштын депутаты болгон. Ал эми 2018-жылдын октябрында «Мегакомдун» башкы директору болуп дайындалган.

Жамангуловго болгон коркутуулар

2019-жылдын май айында, Жамангуло ошондо премьер-министр болуп турган Мухаммедкалый Абылгазиевдин тууганы Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуу жана кысым болгону тууралуу айтып берген. Бул тууралуу парламенттин айрым депутаттары дагы билдиришкен. Алардын айтуусу боюнча, Жамангулов «чоң коррупциялык схеманы» токтоткондуктан, эми финполиция менен ИИМ ага жана анын туугандарына каршы куугунтуктоолорду уюштурууда.

Жаңжал ошондо «КТ Мобайл» мамлекеттик компаниясын жетектеп турган Рысалиевдин уулу Эрназар Рысалиевдин өтө көп делген маянасынан улам башталган. Компания айыптоолорду жалган деп атаган, бирок кийинчерээк жетекчилери кызматтарын кетишкен.

«Мегакомго» байланыштуу жаңжал

2018-жылдын июнь айында, ошондо парламенттин депутаты болуп турган Жамангулов «Мегаком» жетекчилигинин чоң эмгек маянасына нааразы болгон. Анын айтымында, компаниянын башчысы 300 миң сом айлык алат, ал эми бонустарды кошкондо бул сумма 700 000 миңге чейин өсүп кетет.

Бирок, бир жылдан кийин «Мегакомдун» директорлук кызматына отурган Жамангулов анын эмгек акысы 200 миң сомду түзөөрүн билдирген.