Садыр Жапаров: Жакындарымды жоготконума Атамбаев күнөөлүү деп айтпайм, бирок себепчи болгон

Президент Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «кек сактабай» турганын билдирди. Бул тууралуу «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде айтты.

Жапаров өзү камакта жаткан кездерин мисал келтирип, жаткан жеринде күн сайын тинтүү жүргөнүн, күндүз телефонун катып, түнкүсүн колдонуп жүргөнүн эскерди. Андан тышкары, «өч алып, ата-энеси, баласынын кунун кууса» деле болорун, бирок баарын «кудайга койгонун» кошумчалады.

«Менин жакындарымды жоготконума Атамбаев күнөөлүү деп айтпайм. Бирок себепчи болгон ушул киши да. 13 бир тууганды небере-чөбөрөлөрү менен бирдей камап, карыган атамдын өзүн таштап коюшуна себепчи болду. Атам өлгөндө топурак салып келүүгө жибербей койду. Кийин энем кетти. Дагы жакшы ал убакта Сооронбай Жээнбеков топурак салып, акыркы сапарга узатып келүүгө мүмкүнчүлүк берди. Андан кийин балам кетти. Албетте, мунун баары кудайдан», — деди ал.

Президент бийликке келери менен Атамбаевди ээн-эркин басып турсун деп УКМКнын кичинекей камерасынан 47-колонияга которгонун баса белгиледи. Андан тышкары, Жапаровдун айтымында, Атамбаев «бүгүнкү күнгө чейин каалагандай жашап келе жатат».

«Үй-бүлөсү, тааныш-билиштери, керек болсо журналисттер кенен-кесири кирип-чыгып жүрүшөт. Муну менен мен “таш менен урганды аш менен ур” деген бабалардын насаатын аткардым. Мен камакта жатканда мунун бири жок болчу. Колониянын башчылары "сиз катуу көзөмөлдө турасыз" деп так секирип качышар эле», — деп эскерди президент.

Буга чейин УКМК төрагасы дагы Алмазбек Атамбаевге колонияда бардык шарттар түзүлгөнүн билдирген.

«Алмазбек Шаршеновичтен сурап көрсөңүздөр, тескерисинче ал абак ичинде бериле турган шарттын баары түзүлгөнү үчүн азыркы бийликке рахматын гана айтат», — деген ал «Новые лица» басылмасынын журналистине.

Ташиев мурдагы президенттин өзүнчө бөлмөсү, ал жерде сыналгы, компьютер жана телефон бар экенин баса белгилеген.

Алмазбек Атамбаевге бир катар кылмыш иштери козголгон. Ал Кой-Таш окуясы, Түркиянын жарандарына паспортторду мыйзамсыз берүү, «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, Бишкектеги «Калыс-Ордо» конушундагы мектеп куруудагы жана ЖЭБди жаңыртуудагы коррупцияга байланыштуу иштердин фигуранты.

Түркиянын жарандарына паспортту мыйзамсыз берүү жана «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушундагы коррупция иши боюнча Атамбаев акталган.