Баткен жана Ысык-Көлдү таза суу менен камсыздоого эл аралык уюм 100 млн доллар берет

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (МАР) Кыргызстандын Баткен жана Ысык-Көл облустарын таза суу менен камсыздоо үчүн 100 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу 27-июнда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Бөлүнгөн 100 млн доллардын жарымы грант, калганы 38 жылга кредит катары берилет. Анын 6 жылы 0,75% жеңилдетүү менен төлөнөт. Долбоордун өзү 2022-жылдан 2028-жылга чейинки аралыкта ишке ашырылууга тийиш.

Анын алкагында Ысык-Көл районунун Кызыл-Суу, Бөкөнбаев жана Кажы-Сай айылдарындагы суу түтүктөрүн, тазалоочу курулмаларды калыбына келтирүү жана куруу иштери каржыланат, ошондой эле Баткен облусунда жалпысынан 38 айылдын үйлөрүн жана анын короолорун сууга туташтыруу, жаңы суу түтүктөрдү куруу жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт

«Долбоордун каражаттары Карадарыя-Сырдарыя-Амудария дарыясынын бассейнинде (Ош, Баткен облустары жана Жалал-Абад облусунун бир бөлүгү) жайгашкан үч иштеп жаткан ирригациялык жана дренаждык системаларды реабилитациялоону каржылайт. Үч ирригациялык система 23 суу пайдалануучулар ассоциациясынын карамагындагы 28 миң гектар айыл чарба жерлерин суу менен камсыз кылат», — деп айтылат парламенттин басма сөз кызматынын маалыматында.

Таза суу жетишсиздиги көйгөйү Кыргызстанда көптөн бери бар, бул көйгөйдү чечүү үчүн өлкө бийлиги көпчүлүк учурда эл аралык донорлорго кайрылышат. Жетишилген келишимдерге ылайык, 2021-жылды кошкондо, беш жылдын ичинде эл аралык донорлор Кыргызстанда суу менен камсыздоо маселесин чечүү үчүн дээрлик 487 млн доллар бөлөт.

Мамлекеттик бюджеттен суу көйгөйүн чечүү үчүн ар жыл сайын 500 млн сомдон (6,5 млн доллар) бөлүнөт. Бирок ичүүчү таза суу менен камсыздоо департаментинин директору Сайпидин Момуновдун айтымында, бул каражат жетишсиз.

Анын кабарлашынча, 2017-жылдан бери 715 айыл суу түтүктөрүн куруу жана оңдоо үчүн кезекте турат.

Кыргызстанда айылдардын жарымында иче турган, таза суу жок. 300гө жакын калктуу конуштарда эч убакта суу түтүктөрү болгон эмес, дагы 600 конушта суу системалары тез арада оңдоп-түзөөгө муктаж деп билдирген CABAR 2020-жылкы маалыматында.

Тема боюнча окуңуз: 487 миллион доллар бөлүнгөнү менен Кыргызстанда дагы деле суу чыкпаган айылдар көп

«Таза суунун мекенинде». Каракол шаарынын тургундары бозомтук суу ичүүгө аргасыз

«Миллиондор кайда кетти?» Ош шаарында таза суу көйгөйү боюнча митинг өттү