Бишкекте 18 жаштагы жигитти поезд сүзүп кетти

Бишкектин Свердлов РИИБи 28-июнь күнү саат 09:00 чамасында Бишкекте 18 жаштагы жигитти поезд сүзүп кеткенин кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, маркум жакындап калган поезддин сигналына көңүл бурган эмес, ал эми поезддин машинистти тормозду шашылыш басканы менен кырсыктын алдын ала албай калган.

Свердлов РИИБден жигит ооруканага жеткирилгенин, бирок өзүнө келбестен, алган жаратынан каза болгонун билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, аталган факт Свердлов РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына жазылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Бул поезд сүзүп адам өмүрү кыйылган алгачкы окуя эмес. Өткөн жылдын декабрь айында Пакистандын жаранын тепловоз коюп кеткен. Окуя Лев Толстой көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектинин кесилишинде болгон.

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт.