«Бул чагымчылдык». Балыкчынын мэри мас абалында унаа айдаганын четке какты

«Клооптун» окурмандары редакцияга Балыкчы шаарынын мэри Аманат Сыдыков болушу мүмкүн делген видео тасма жөнөтүшкөн. Анда бир нече киши Сыдыков мас абалында рулга отуруп, каршы тилкеге чыгып, светофордун кызыл жарыгына карабай унаа айдаган деп айтып жатканы угулат. Видеодогу үндөр окуя 23-24 июнда болгонун айтышкан.

Ал эми Балыкчынын мэри «Клооптун» журналистине курган маегинде, бул видеолорду «чагымчылдык» деп атап, мас абалында унаа айдаганын четке какты.

«Кечинде үйгө келгем. [Видеодо] мен жашаган подъезд. Артымдан бирөө чуркап келди, подъездден бирөө атып чыкты. Албетте мен коркуп кеттим. Окуя түнкү саат 12де болгон. [Видеого] тартышты дагы, бат эле кетип калышты», — деп айтып берди Сыдыков.

Анын айтымында, эртеси ал ооруканага барып, медициналык текшерүүдөн өткөнүн, колунда «бардык маалымкаттар» бар экенин белгиледи. «Клооптун» журналистинин маалымкаттарды сүрөткө тартып жөнөтүү өтүнүчүнө Сыдыков расмий сурам кат жөнөткүлө деп жооп кайтарды.

«Шаар [Балыкчы] чоң. Дос-душман деген бар. Булар [видеого тартып алган] мени подъезддин алдында атайы күтүп отурган [...] Чагымчыл сөздөрдү айтышты. Бул [окуя] түн ичинде, жумуштан кийин болду», — деп белгиледи ал.

Сыдыков милицияга арыз жазып, окуянын чоо-жайын териштирүүгө даяр экенин билдирди.

«Эгер силер ошол видеону расмий түрдө жарыяласаңар, анда мен расмий төгүндөө даярдап, укук коргоо органдарына [арыз менен] кайрылууга аргасыз болом. Мен расмий кызматкермин, мен үчүн ар-намыс, кадыр-барк куру сөз эмес», — деди Балыкчынын мэри.