Садыр Жапаров: Байлардын арасында бир тууганым же досум жок колдой турган

Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында президент Садыр Жапаров «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоорун колдой турганын айтты.

Анда президент бул мыйзамдын максаты «байлардын, чиновниктердин, коррупционерлердин арам акчасын адалдоо эмес, өлкөбүздөгү 200гө жакын байлардын мүлкүн чет жакта сактатпай, алардын акчасын мамлекетке кайтаруу» экенин билдирди.

«Чет өлкөгө барып, миллион, миллиарддаган акчаларга завод, фабрикаарды куруп жатышат. Октябрь окуяларынан кийин колдон келишинче 100 млн доллардан баштап 2 млрдга чейин төктүрүп, баарын алгандай болдук. Бирок дагы деле ошого карабастан, чет өлкөдө алар катып жаткан акчалар көп. Бул мыйзамдын максаты катылып жаткан акчаларды Кыргызстаныбызга алып келүү. Акчаларды биздин банктарга салсак, биздин банктар пайда көрөт», — деди Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчы ал байлардын арасында жакындары, достору жок экенин айтып, мыйзам долбоорунда «кызыкчылыктар кагылышы болбойт» деп ишендирди.

«Менин байлардын арасында бир тууганым, же досум жок колдой турган. Бул мыйзамды бүгүн эле кабыл алып жаткан жокусуңар. Буга чейин 2005-жылдагы революциядан кийин, 2008-жылы, андан кийин 2010-жылы, 2-3 жолу кабыл алып бергенсиңер. Бул мыйзам анда иштеген эмес. Анткени чийки болгон. А биз азыр баарын тактап, мыйзам иштеп кете тургандай кылдык. Байлардын өзүн дагы чакырып, сүйлөшүп, кеңешип, андан кийин силерге жибердик», — деди Жапаров.

Мындан сырткары өлкө башчы аталган мыйзам долбоорун колдоо боюнча эл өкүлдөрүнө мажбурлоо болбой турганын айтып, колдобой койсоңор да «өз экиңер» деген оюн билдирди.

Мыйзам кабыл алынса кандай кооптонуулар бар?

Мыйзам долбоорун «Адилет» Укуктук клиникасы анализдеп чыккан. Анда мыйзам долбоору өлкөнүн Конституциясына, анын ичинде Кыргызстан өзү мүчө болгон эл аралык келишимдерге жана документтерге, ошондой эле коррупцияны жоюу жана алдын алуу боюнча мамлекеттик стратегияга каршы келерин белгиленген.

Мыйзамдын долбооруна ылайык, кыргызстандыктар атайын декларация тапшыра алышат. Документте алардын мурда кандайдыр бир себептерден документке кирбей калган, ал тургай мыйзамсыз жана кылмыштуу жол менен келсе да бардык кирешелери жана мүлктөрү көрсөтүлөт.

Ошол эле кезде активдеринин келген булагын ачыктоого эч ким милдеттүү болбойт. Атайын даярдалган жаңы декларация алардын мыйзамдуу экенине тастыктоо болуп берет.

Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, кыргызстандыктар өз активдеринин кайсы булактан келгенин көрсөтүүгө милдеттүү болбойт. Эгер ал мыйзамсыз же кылмыштуу жол менен табылып бирок декларацияга киргизилген болсо, анда декларанттар бардык жоопкерчиликтен, керек болсо кылмыш жоопкерчилигинен да бошотулат.

Ошондой эле, мыйзам долбоору бардык аткаминерлердин, жогорку кызматты ээлеген мамлекеттик кызматкерлердин жана саясатчылардын кирешелери жана чыгашалары тууралуу маалыматтарды жарыялоого тыюу салат. Тыюу алардын жакындарынын мүлктөрүнө да тиешелүү болуп саналат.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунун авторлору маалыматтарды жана декларацияны ачыктоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну каалашат. Мындай маалыматтарды сотто далил катары колдонууга болбойт. Бул маалыматтар сотторго жеткиликтүү болбойт.

«Бул өзгөртүүлөр менен жогорку жана ортоңку мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелери тууралуу маалыматты коомчулуктан жашырууну каалаганы байкалып турат. Бул Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттемелерине, ошондой эле буга чейин коррупцияга каршы жарыяланган кеңири масштабдуу саясатына да каршы келет», — деп белгилешкен юристтер.

Анализде мыйзам долбоору Кыргызстан мүчө болгон БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясына каршы келери айтылат. Бул мыйзамсыз баюу мамлекет тарабынан колдоо таппай, жазага тартылышы керек деген эл аралык-укуктук документ.

«Иш жүзүндө киргизилип жаткан сунуштар менен инсандыкка каршы бардык кылмыштардан, бардык кызматтык кылмыштардан, бандитизмден, адам сатуудан жана эмгекти мыйзамсыз эксплуатациялоодон пайда көрүү кубатталат», — деп эсептешет юристтер.

Тема боюнча окуңуз:

Президенттик аппарат мыйзамсыз активдерди мыйзамдаштырууну сунуштады

Кыргызстан мамлекеттик кызматкерлердин декларациясын жашырууну каалайт