Жалал-Абад: Кара-Көл жана Базар-Коргон шаарларына жаңы мэр дайындалды

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри болуп Талайбек Конкобаев, ал эми Базар-Коргон шаарынын бышчылыгына Эмил Ашыралиев дайындалды. Тийешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

42 жаштагы Конкобаев өткөн жылы «Кыргызстан» саясий партиясынан Таш-Көмүр шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. Ошондой эле Таш-Көмүр шаардык кеңешинин аппаратынын жетекчиси болуп иштеген.

Кара-Көл шаарынын буга чейинки мэри Алмазбек Балташов президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушунунун негизинде «ишеничти жоготкондугуна» ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.

Ал эми 26 жаштагы Базар-Коргон шаарынын мэри Эмил Ашыралиев буга чейин Кара-Көл шаардык кеңеште депутат, төрага жана Жогорку Кеңештин депутатынын кеңешчиси болуп эмгектенген.

Базар-Коргон шаарынын мурдагы мэри Ильяс Төлөнов райондук администрациянын коллегиясында калаадагы бир нече маселелер өз убагында чечилбегендиктен кызматынан бошотулган.