Баткен: Ишкерден акча опузалаган эки киши кармалды, бирөөсү мурда соттолгон

Сүрөт: Кылмышка шектүүлөр/Баткен ОИИБ

Баткен облусунун Кадамжай районунда ишкерден опузалап акча талап кылууга шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-июнь күнү милицияга Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ишкер 27-июнь күнү «Умар» аттуу киши келип, айына 500 АКШ доллар өлчөмүндө каражат төлөп турасың деп коркутканын айткан.

Облустук милициядан «Нелегал-Траффик» аталышындагы операциянын жүрүшүндө кылмышка шектелип эки киши кармалганын маалымдашты. Шектүүлөр Полотхан айыл аймагындагы айылдардын биринде 16 000 сом алып жаткан жеринде колго түшкөн.

Басма сөз кызматы тергөөнүн жүрүшүндө 36 жаштагы кылмышка шектүүлөрдүн бири мурда соттолгону аныкталганын, экөө тең Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кошумчалашты. Тергөө иштери уланууда.

2-мартта Ош шаардык милициясы тургундан опузалап 20 миң АКШ долларын талап кылган кишини кармалган. Ал буга чейин «Адам өлтүрүү» беренеси менен соттолгону аныкталган.

Маалыматка ылайык, 1-мартта Оштун тургуну арыз жазып, «М» аттуу жаран өзүнүн жана жакындарынын өмүрүнө коркунуч келтирип, WhatsApp аркылуу акча талап кылып жатканын билдирген. Факты боюнча «Опузалоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.