Ошто тургундан WhatsApp аркылуу 20 миң АКШ долларын опузалаган киши кармалды

Шектүүнү кармоо учуру. Сүрөт милиция тараткан видеодон скриншот жасалды

2-мартта Ош шаардык милициясы тургундан опузалап 20 миң АКШ долларын талап кылган кишини кармады. Ал буга чейин «Адам өлтүрүү» беренеси менен соттолгону аныкталды.

Маалыматка ылайык, 1-мартта Оштун тургуну арыз жазып, «М» аттуу жаран өзүнүн жана жакындарынын өмүрүнө коркунуч келтирип, WhatsApp аркылуу акча талап кылып жатканын билдирген. Факты боюнча «Опузалоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

2-март күнү саат 17:00 чамасында шектүү шаардагы кафелердин биринен арыз ээсинен 20 миң АКШ долларынын бир бөлүгүн алып жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Кармалган шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБ

17-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунда «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү эки мүчөсү УКМК тарабынан кармалган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, шектүүлөр Ош облусунда ишкерлерден опузалап акча талап кылышкан.

УКМК аларды Кара-Суунун Нариман айыл аймагында жеке ишкерден акча алып жаткан жеринен кармаган. Кылмышка шектүү 29 жаштагы «А. уулу Э.» жана 30 жаштагы «Р.Э.Р.» мурда ар кандай кылмыштары үчүн соттолгону кабарланып, алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Ишкерлерден акча опузалаган». Ошто «Женгонун» кылмыштуу тобунун эки мүчөсү кармалды