«13 жаштагы кызды зордуктоо иши». Дагы бир милиция кызматкери кармалды

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы 13 жаштагы кызды «сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоого» шектеп дагы бир милиция кызматкери кармалганын маалымдады.

39 жаштагы шектүү борбор калаадагы Ленин РИИБдин инспектору экени айтылды. Басма сөз кызматтан шектүү шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин белгилешти. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Буга чейин, 3-мартта укук коргоо органдары тарабынан ушул эле кылмыш ишине байланыштуу Свердлов РИИБдин аймактык тескөөчүсүн кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Үстүбүздөгү жылы 21-февралда Биринчи май РИИБи жашы жете элек кызды «зордуктоого» шектеп 19 жаштагы кишини кармап, эки айга камакка алган болчу. Кийин өспүрүм кыздын ата-энеси Адыл Акжол уулунун Youtube-каналына маек куруп, кызын «үч милиция кызматкери дагы сексуалдык катнашка мажбурлап, жарым жылдан бери зордуктап жүргөн» деп айтып беришкен.

Алар ЖМК аркылуу президент Садыр Жапаровго жана Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, кылмышка катышытыгы бар делген үч милиция кызматкерине мыйзамга ылайык катуу чара көрүнү суранган. Бул маалыматты Бишкек ШИИББнин ички иликтөө кызматы териштире баштаган.

22-февралда тергөө учурунда чогултулган бардык материалдар Свердлов райондук прокуратурасына өткөрүлүп, «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тема боюнча:

Бишкек: 13 жашар кызды зордуктоо ишине байланыштуу милиция кызматкери кармалды

Таласта 13 жаштагы кызды өгөй атасы зордуктап жүргөнү кабарланды