Ош: Прокуратура мэрияга «Манас-Ата» кафесин сүрдүрүүнү сунуштады

Ош шаарындагы «Манас-Ата» кафеси. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Ош шаардык прокуратурасы мэрияга «Манас-Ата» кафесин сүрдүрүү сунушун берди. Бул тууралуу «Клоопко» 6-июлда көзөмөл органынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, кафени текшерүү учурунда бир катар мыйзам бузуу фактылары аныкталган — аталган кафенин имараты кызыл сызыктан 7 метрге чыгып кеткен, курулуш турак үй багытында курулмай болуп, бирок кафеге айланган.

Прокуратурадан аталган факты боюнча буга чейин кылмыш иши козголгонун, ал сотто да каралып, тиешелүү кызматтарга шалаакылык боюнча айыбы угузулганын билдиришти. Бирок кийинчерээк иш өндүрүштөн кыскарып кеткен.

Учурда аталган кафеге суу жана электр энергиясын берүү токтотулду. Ал эми сүрдүрүү боюнча сунушту атайын комиссия карай баштады. Териштирүү иштери уланып жатат.

«Манас-Ата» кафесиндеги чыр

27-июнда «Не сахар» берүүсү «Манас-Ата» кафесин текшерүүгө алган. Бирок эфирдин жүрүшүндө кафенин администрациясы журналист Умар Дадановго тоскоолдук жараткан.

Анткен менен эфирдин башталышында эле кафенин санитардык абалы талаптарга жооп бербегени камерага түшүп калган. Кийинчерээк кызматкерлер «Не сахардын» командасын сыртка алып чыгышкан.

Администратор Машрапхон Кушакбаева кызматкер менен бирге кафенин эшигин тосуп алып, журналистке орой мамиле жасаган. Мындан улам Даданов милиция кызматкерлерин чакырган, бирок аймактык милиционер да, патрулдук милиция жана ыкчам тергөө кызматы да эч кандай чара көрө алган эмес.

Берүүдөн кийин интернет колдонуучулары чара көрө албаган милиционерлерди кескин сынга алышкан. Ошондой эле аталган кафенин жабылышын талап кылышкан.

Кийинчерээк «Манас-Атанын» ээси Бахтияр Гуламов жана администратору Машрапхон Кушакбаева милицияга чакыртылып, кечирим сурашкан.

Окуя коомчулукта резонанс жараткандан кийин гана Ош мэриясы «Манас-Атаны» жана башка кафелерди жапырт текшерүүгө алган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган кафеге 41 миң сом айып пул салынып, убактылуу жабылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: «Манас-Ата» кафеси убактылуу жабылып, айып пул салынды

Оштун мэри «Манас-Ата» кафесиндеги чырдан улут маселесин козгобоого чакырды

Ош: «Манас-Ата» кафесинин ээси администратор иштен алынганын айтып, элден кечирим сурады

Ош: «Не сахар» «Манас-Ата» кафесинин ашканасында санитардык норма сакталбаганын аныктады