Ош: «Манас-Ата» кафесинин ээси администратор иштен алынганын айтып, элден кечирим сурады

Сүрөт: Ош ШИИБ

Ош шаарындагы «Манас-Ата» кафесинин ээси Бахтияр Гуламов жана администратору Машрапхон Кушакбаева милицияга чакыртылды.

Ош ШИИБи пресс-релизден сырткары Гуламовдун видео кайрылуусун жарыялады. Анда ал түшүнбөстүк болгонун айтып, журналисттерге орой мамиле жасаган Кушакбаева иштен алынганын билдирди.

«Урматтуу кыргызстандыктар, бизди кечириңиздер. Кемчиликтерди түзөтүп силерди тосуп алганга даярбыз», — деп коомчулуктан кечирим сурады кафенин ээси.

Милициядан Кушакбаеванын журналисттер менен болгон чырда айткан сөздөрүнө лингвистикалык экспертиза дайындалганын белгилешти.

«Не сахар» берүүсү «Манас-Ата» кафесин текшерүүгө алган. Программа Ютубга 28-июнда жүктөлдү. Журналист Умар Даданов кафеге киргенде эле өзүн кызматкермин деп тааныштырган киши ага тоскоолдук жараткан.

Журналист кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндө мыйзамды айтып, кафенин ичин жана ашкананы чагылдыра баштаган. Анда ашканада баштыктарга салынган таштандылар ыргытылбай турган, имараттын ичи да санитардык талаптарга жооп берген эмес. Мындан сырткары тамакка колдонулчу жашылча-жемиштер жерде жаткан.

Ашкананы текшерип жүргөн учурда кафенин кызматкери аны сыртка алып чыгып, кайрадан киргизбей койгон. Ал учурда кафенин администратору келип, журналистке орой мамиле жасаган.

«Не сахардын» командасы укуктарын коргоону суранып милиционерлерди чакырганы менен алар эч кандай чара көрө алышкан эмес.

Кафенин ичине киргизбей койгон соң администратор Машрапхон Кушакпаева журналистке кайрылып кечирим суроону талап кылган. Ага кошулуп милиционердин бири да бир нече жолу «кечирим сурап кой» деп суранган. Бирок журналист эмне үчүн кечирим сурашып керек деп нааразы болгон.

«Не сахар» долбоорунун программасы Ютубга чыккандан кийин видеонун астына 15 миңден ашуун комментарий жазылган. Интернет колдонуучулары милиционерлерди өз ишин билбейт деп сынга алышууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: «Не сахар» «Манас-Ата» кафесинин ашканасында санитардык норма сакталбаганын аныктады