Төө-Ашуу: Тоннелде жолтандабас күйүп кетти

5-июлда Төө-Ашуудагы тоннелде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаа күйүп кетти. Жабыркагандар жок. Маалыматты «Клооптун» кабарчысына Транспорт жана жолдор министрлигинен тастыкташты.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, унаа 15:50дө Көлбаев тоннелинин 1 250-тилкесинде жалбырттап баштаган. Алдын ала маалыматка ылайык, унаа жакында гана орнотулган газ жабдыгынан улам күйүп кеткен болушу мүмкүн.

«Унаада эки адам болгон. Алар жабыркаган жок. Аларды “Кыргызавтожол” мамлекеттик мекеменин тоннелдик кызматынын жумушчулары менен ӨКМдин кызматкерлери коопсуз жайга чыгарып кетишкен. Өрт 18:10дө чектөөгө алынып, 18:30да өчүрүлгөн», — деп билдиришти Транспорт министрлигинен.

Мекеменин маалыматына ылайык, тилсиз жоону тоннелде электр өчүп калгандыктан кечиктирбестен өчүрүүгө мүмкүн болгон эмес. Ал эми кыймыл эки тарабынан тең убактылуу токтотулган.

«Учурда Төө-Ашуудагы тоннель ачылды. Күйгөн унаа тоннелдин түштүк тарабына чыгарылды. Электр энергиясын калыбына келтирүү үчүн жерине энергитиктер тартылат», — деп кошумчалашты мекемеден.