Беловодское айылында авариялык абалдагы мектепте өрт чыкты

Беловодск айылындагы Биринчи май орто мектебинде 7-июлда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтен өрт мектептин эски имаратында чыкканын айтышты.

«Өрттү өчүрүүгө саат 18:23тө Москва райондук ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Беловодское айылында эски мектептин имаратынан чыккан өрт саат 19:50дө чектөөгө алынган. Өрттөн жабыркагандар жок. Өрт 500 чарчы метр аянтты каптаган. Чатырдагы жыгачтар толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн себептери такталууда», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Мектеп 1927-жылы салынган, ал эми 2012-жылы окуу жай авариялык деп табылган. Имарат 2018-жылы айыл өкмөттүн карамагына өткөн. Балдар башка имаратта окушчу, күйүп кеткен имарат бош турган.

Кыргызстандагы мектептер

Кыргызстанда окуучуларга мекетептер жетишпейт. Борбор калаадагы көпчүлүк мектептерде бир класста 40тан бала окуйт. Ал эми айылдарда болсо мектеп имараттары авариялык абалда.

Акыркы расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандагы авариялык мектептердин саны 205ке жетет. Билим берүү министрлиги жылына мамлекеттик бюджеттен мектептерди оңдоп-түзөөгө 100 млн сом бөлөт, бирок бул каражат чыгымдын 24%ын гана жабууга жетет.

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, калган 76%ы жергиликтүү бийликтин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен жабылат.

Тема боюнча: Билим берүү министрлиги: Мектептерди оңдоого бөлүнгөн 100 млн сом чыгымдардын 24%ын гана жабат

Бир партада үчтөн окуучу. Кыргызстанга учурда 100дөгөн мектеп куруу зарыл!

Нарын: 20 градуска кыйшайып калган мектеп урап калуу коркунучунда турат