Билим берүү министрлиги: Мектептерди оңдоого бөлүнгөн 100 млн сом чыгымдардын 24%ын гана жабат

Жылына мамлекеттик бюджеттен мектептерди оңдоп-түзөөгө 100 млн сом бөлүнөт, бирок бул каражат чыгымдардын 24%ын гана жабууга жетет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 20-июндагы отурумунда билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Депутат Айбек Маткеримов мындай учурларда мектептер чыгымдарды жабуу үчүн калган 76%ды кайдан ала турганына кызыкты.

«Калган 76%ын ата-энелер төлөшөбү?» — деп нааразы болду Маткеримов.

Министрдин орун басары бул маалыматты четке кагып, жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөр колдоо көрсөтүшөт деп билдирди.

Жусупбекованын айтымында, жалпы өлкө боюнча 245 мектеп авариялык абалда. Мындан улам билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, мектептерге бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү өтүндү, анткени 100 млн сом жетпейт.

Анда Маткеримов Сузак районунда канча мектеп авариялык абалда деп сурады, Жусупбекова так айтуу кыйын деп жооп берди.

«Антип айтып туруу оор десеңиздер, ошондуктан билбейсиздер кандай экенин. Эгер мен сиздин ордуңузда болсом, кооптуу мектептер күндө түшүмө кирип чыкмак. Жатка билмекмин», — деди депутат.

Авариялык абалдагы мектепте катталган соңку окуя 17-майда Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында болгон. Анда сабак өтүлүп жатканда мектептин шыбы урап түшкөн.

Мектеп директору Саарка Койчуманованын айтымында, мектептин шыбы кулаган кезде класста 3-класстын окуучулары болгон. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, окуядан эч ким олуттуу жаракат алган эмес, бирок бир аз чочуп, стресс абалга түшкөн үч окуучу жана мугалим ооруканага жеткирилген.

18-майда ведомстводон үч окуучу ооруканадан чыкканын, дарылануу үчүн мугалим гана ооруканада калганын кабарлаган. Терек-Сай айылындагы мектептин шыбы урап түшкөндөн кийин минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелеринин имараттарынын техникалык абалын текшерүүнү тапшырган.

Кыргызстандагы мектептер

Кыргызстанда балдар үчүн мекетептер жетишпейт. Борбор калаадагы көпчүлүк мектептерде бир класста 40тан бала окуйт. Ал эми айылдарда болсо мектеп имараттары авариялык абалда.

Акыркы расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандагы авариялык мектептердин саны 204кө жетет — бул өлкөдөгү ар бир онунчу мектеп авариялык абалда дегенди түшүндүрөт. Мындай мектептерде балдар күн сайын өз өмүрлөрүн тобокелге салып окуп жатышат. Авариялык абалдагы мектептердин дээрлик баардыгы —204түн 192си айыл жеринде жайгашкан. Көпчүлүгү долбоорлоо менен салынган эмес. Авариялык мектептер жылдап оңдолбой келет, ал эми пландалган жаңы мектептерди кура албай келет.

Тема боюнча окуңуз: Бир партада үчтөн окуучу. Кыргызстанга учурда 100дөгөн мектеп куруу зарыл!

Нарын: 20 градуска кыйшайып калган мектеп урап калуу коркунучунда турат

Материалдын авторлору: Аделя Именова жана Жаркынай Женалиева.