УКМК: Кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду кармоо жана атышуу болгону тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

8-июлда социалдык тармактарда «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду кармоо аракети  жана ок атышуу болгону тууралуу маалыматтар жарыяланды. Окуя Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында болгону, анда Жумагуловго ок тийип, качып кеткени кабарланды.

«Кактус Медиа» басылмасы кримтөбөлдү УКМКнын «Альфа» атайын кызматы кармоого аракет кылганын жазып, видео байкоого түшүп калган кармоо учурунундагы тасманы жарыялады.

Видеодон «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобус «Гелендвагендин» алдын тороп, ичинен спецназдар чыкканын көрүүгө болот. Бирок жеңил унаа кичи автобусту айланып өтүп, качып кетүүгө үлгүргөн.

Ал эми 9-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирүү таратып, Чыңгыз Жумагуловду кармоо аракети жана ок атышуу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт деп белгилешти.

«УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жалган жана такталбаган маалыматтарды таркатпоого чакырат. Ошол эле учурда, социалдык тармактардагы топтордун ээлерин маалыматты дыкат текшерип, коомчулукту адаштырбоого үндөйт», — деп жазылат билдирүүдө.

Бирок УКМКдан 8-июлда Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөнүн айтышты.

Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо иштери буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.

Жумагуловго козголгон кылмыш иштери

Сүрөт: «24kg» басылмасы. Архивдик сүрөт.

Жумагулов 2019-жылы апрелде башка адамдар менен бирге эки кишини аёосуз сабоого шектелип кармалган. Кийин жабыркаган эки адам алган жаракаттарынан улам каза тапкан. Жабыркагандар менен кармалгандар УКТ мүчөлөрү болгону кабарланган.

2020-жылдын 19-июнунда Биринчи май райондук соту Жумагуловду «Ээнбаштык» беренеси менен күнөөлү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Ал эми «Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү» жана «Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу» беренелери боюнча актаган.

Ошондой эле, Жумагулов менен бирге айыпталуучулар — Марсбек Тентиев жана Ильяс Айдакеев — бардык беренелер боюнча күнөөлүү деп табылып, 190 миң сом өлчөмүндө айып төлөп, 13 жылга эркинен ажыратылган.

2021-жылдын 12-июлунда Жумагулов абактан чыккан Жумагулов жаза мөөнөтү аяктап, абактан чыккан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн сот чечими менен мыйзамдуу бошотулганын билдирген.

«Дөө Чыңгыз» ага чейин да «Адам өлтүрүү аракетин уюштуруу» беренеси менен 18-жылга кесилген. Бирок 2018-жылдын башында сот Жумагуловду тийиштүү мөөнөттөн мурда бошоткон.

Ошондой эле, Жумагуловду «Камчы Көлбаевдин УКТсынын жигердүү мүчөсү» деп айтып жүрүшөт. Бирок ал кылмыш дүйнөсү жана Көлбаев менен байланышы болгонун төгүндөгөн. Мындан сырткары, Жумагулов президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүү боюнча шектүүлөрдүн бири болгон.

Тема боюнча:

«Дөө Чыңгыз» деген каймана аты менен белгилүү кримтөбөл эркиндикке чыкты