Кара-Сууда 41 жаштагы аял сууга чөгүп кетти

Ош облусунун Кара-Суу районунун 41 жаштагы тургуну үйүнүн жанындагы каналга агып кетти. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 9-июль күнү саат 16:00 чамасында Нурдар айылындагы Аношина көчөсүндө болгон. Анда аял үйүнүн жанындагы Яккалиб каналына түшүп жатканда суунун агымы катуу келип, агызып кеткен.

Маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлери каналдан чыгарып, жакындарына өткөрүп беришкен.

29-июнда Баткен районунун Ак-Турпак айылынын 56 жаштагы тургуну сууга чөгүп каза тапкан. Милициядан маркум шериги менен бирге спирт ичимдиктерин ичип, андан соң ал Кожошкен дарыясына кеткен бойдон дайынсыз болгон.

Артынан издеп барган шериктери дарыянын боюнда анын чечип койгон кийимдери менен кол телефонун көрүп, милицияга кабар беришкен.

29-июнда эрте менен саат 07:00 чамасында 56 жаштагы кишинин сөөгү аталган дарыядан табылган.