Баткенде 56 жаштагы эркек киши дарыяга түшүп кетип каза тапты

Баткен районунун Ак-Турпак айылынын 56 жаштагы тургуну сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициядан маркум шериги менен бирге спирт ичимдиктерин ичкен деп билдиришти. Андан соң ал «Кожошкен» дарыясына кеткен бойдон дайынсыз болгон.

Артынан издеп барган шериктери дарыянын боюнда анын чечип койгон кийимдери менен кол телефонун көрүп, милицияга кабар беришкен.

Аталган окуя боюнча Баткен РИИБдин кызматкерлери Баткен райондук ӨКМ кызматкерлери биргеликте издөө иштерин жүргүзүшкөн.

29-июнда эрте менен саат 07:00 чамасында 56 жаштагы кишинин сөөгү аталган дарыядан табылган.

Маркумдун туугандары сөөктү соттук-медкспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты. Учурда кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 16-июнунда Кара-Суу районундагы Савай каналына милиция кызматкери чөгүп кеткен. Кызматкер ал күнү балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында прафилактикалык рейд өткөргөнү барган. Аны үч кесиптеши куткара албай калган. Маркумдун сөөгү 18-июнда табылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, айдоочусу каза болду

Кара-Суу: Көмүр ташыган «Хово» оодарылып, 4 жаш бала жана эки аял каза болду