Адвокат: 13 жашар кызды зордуктоого шектүүлөр күнөөсүн мойнуна албай жатат

Свердлов райондук сотунда эки милиция кызматкери тарабынан зордукталган 13 жаштагы кыздын иши боюнча сот отуруму уланып жатат.

Сот процессин чагылдыруу жана мониторинг кылуу үчүн келген ЖМКны, Акыйкатчы институтунун аппаратынын кызматкерин жана балдардын укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл сот отурумуна киргизилген жок.

Сот процессине үч айыпталуучу алып келинди — алардын экөө милиционер, үчүнчүсү — «Дордой» базарынын кароолчусу. Алардан тышкары сотто күбөлөр да суралды. Күбөлөрдүн бири кулакчынды уурдады деп билдирген «Дордой» базарындагы дүкөндүн эсси болду.

Зомбулук көргөн кыздын кызыкчылыктарын коргоп жаткан адвокат Тимур Султанов судья күбөлөрдүн бири келбегендиктен 13-июлга чейин тыныгуу жарыялаганын айтып берди.

Адвокат Тимур Султанов

«Бүгүнкү күнгө бул ишке байланыштуу үч күбө суралды. Эми дагы бир күбө суракка алынат, андан кийин сот айыпталуучуларды суракка алат, кийин жарыш сөзгө өтөт. Андан ары акыркы сөздү айтылат, өкүмдүн узугулушуна чейин жетебиз деген үмүт бар», — деди адвокат.

Жактоочу айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна албай жатышканын билдирди. Ошондой эле ал айыпталуучу тараптын жактоочулары соттон шектүүлөрдүн биринин сүрөтүн соцтүйүндөргө таратып жибергендерге карата кылмыш ишин козгоо боюнча тийиштүү органдарга тапшырма берүүсүн өтүнгөнүн кошумчалады.

«Сот андай ыйгарым укугу жоктугуна байланыштуу алардын өтүнмөсүн канааттандыруудан баш тарты», — деп билдирди адвокат.

Жашы жете элек кыздын зордукталышы

Июлдун башында 13 жаштагы кыздын зордукталганы маалым болгон. Бул иш боюнча Бишкекте сот териштирүүсү башталган. Учурда эки милиция кызматкери жана «Дордой» базарында иштеген кароолчу айыпталуучу катары өтүп жатат.

Ошондой эле бул иште Ош базарындагы мейманаларынын биринин официанты да зордуктоого шектелип жатат. Анын иши боюнча тергөө аяктап, материалдар сотко өткөрүлгөн.

Кыздын жакындары шектелип жаткан милиция кызматкерлери жоопкерчиликтен кутулуп кетиши мүмкүн деп чочулашууда. Кыздын атасынын айтымында, кызына карата зомбулук 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин уланган.

5-июлда өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу маалыматтар тараган шартта ИИМдин имаратынын алдында кыздар жана аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы митинг өткөн. Акциянын катышуучулары аялдардын укугун коргоону, анын ичинде ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан.

Ал эми депутат Дастан Бекешев ички иштер министри «ушул сыяктуу жапайычылык окуялардан жыйынтык чыгарбай, ишин кадимкидей эле улантып жатканын» билдирген. Министрликтен болсо депутатка мекеме көрүп жаткан чараларга карабастан өлкөдө аялдарга карата зомбулук фактылары көп экенин айтып жооп беришкен.

Ошол эле күнү жарандык активисттер жана аялдар уюмдарынын өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Алар президенттен аялдарга карата зомбулук фактыларынын көбөйүп жактанына көңүл бурууну суранышкан.

Ал эми президент Садыр Жапаровдун администрациясы кайрылууга жооп берип, «мындай трагедиялык окуялар бул багыттагы иштерди дагы да күчөтүү керектигин айгинелеп турат» деп жооп беришкен. Бирок президенттин администрациясынын жообу активисттердин канааттандырган эмес жана алар Жапаров менен жолугушууну суранышкан.

Жашы жете элек кыздын зордукталышы боюнча муфтийдин мурдагы орун басары Кадыр Маликов билдирүү жасаган. Анын пикиринде, 13 жашар кыздын зордукталышы коомубуздун жана системанын деградациясы өтө терең экенин көрсөтүп турат.