«Коопсуздук кепилдиги жоголуп барат». Кадыр Маликов зомбулук көргөн 13 жашар кыз тууралуу

13 жашар кыздын зордукталышы коомубуздун жана системанын деградациясы өтө терең экенин көрсөтүп турат. Мындай пикирин муфтийдин экс-орун басары Кадыр Маликов Фейсбук барагында билдирди.

«Ушундай арам кылмышка милиция кызматкерлери аралашкан болсо, анда сөз ар бир жарандын, алардын үй-бүлөсүнүн коопсуздугу тууралуу болушу керек. Чынын айтканда, жаңылыктарды ача калсаң эле негатив өтө көп, бизде зомбулук өтө көп болуп жатат, айрыкча аялдар менен балдарга карата. Кайда баратабыз? Жыл өткөн сайын жашоонун, абийирдин, кадыр-барктын, мүлктүн коопсуздугуна болгон кепилдик азайып жатат», — деп жазды ал.

Маликов жазаны күчөтүү зарыл, ал эми сот адилетүү жана байтараптуу болушу керек деп эсептейт. Ал мыйзам чыгаруучулар айрым ченемдерге жана «гуманизмге» таянып, маньяктарга, бачабаздарга жана киши өлтүргүч рецидивисттерге эң жогорку жаза чарасын караштырбай жатышканына өкүнөт. «Системанын коррупциялашканын колдонуу аркылуу жазадан кутулуп кеткендер бар. Сот системасынын жана жазанын адилетсиздиги мамлекеттин негизин бузуп, ага ишенимди кетирип жатат», — деп эсептейт Маликов.

Муфтийдин мурдагы орун басары мамлекет ар бир жарандын өмүрүнүн, кадыр-баркынын жана мүлкүнүн коопсуздугун жана кол тийгистигин камсыздашы керектигин белгиледи.

«Жараткан Аллах ар бир адамга төрөлгөндөн тартып эле бул укуктарды берген, бул укуктарга кол салууга эч кимдин акысы жок. Ошондуктан Ислам дининде оор кылмыштар үчүн өлүмгө тартууга чейинки жазалар каралган», — деп жыйынтыктады Маликов.

13 жаштагы кыздын зордукталышы

Кадыр Маликов мындай билдирүүсүн 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомду дүрбөткөн шартта жасады. Бул иш боюнча Бишкекте сот иши башталган.

Учурда эки милиция кызматкери жана «Дордой» базарында иштеген кароолчу жоопко тартылышы мүмкүн. Ошондой эле окуучу кызды зордуктоого шектелген официантка карата козгон ишти териштирүү да аяктап калган. Иштин материалдары сотко өткөрүлгөн. Кыздын жакындары шектелип жаткан милиция кызматкерлери жоопкерчиликтен кутулуп кетиши мүмкүн деп чочулашууда.

Кыздын атасынын айтымында, кызына карата зомбулук 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин токтогон эмес.

5-июлда өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу маалыматтар тараган шартта ИИМдин имаратынын алдында кыздар жана аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы митинг өткөн. Акциянын катышуучулары аялдардын укугун коргоону, анын ичинде ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан.

Ал эми депутат Дастан Бекешев ички иштер министри «ушул сыяктуу жапайычылык окуялардан жыйынтык чыгарбай, ишин кадимкидей эле улантып жатканын» билдирген. Министрликтен болсо депутатка мекеме көрүп жаткан чараларга карабастан өлкөдө аялдарга карата зомбулук фактылары көп экенин айтып жооп беришкен.

Ошол эле күнү жарандык активисттер жана аялдар уюмдарынын өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылышкан. Алар президенттен аялдарга карата зомбулук фактыларынын көбөйүп жактанына көңүл бурууну суранышкан.

Ал эми президент Садыр Жапаровдун администрациясы кайрылууга жооп берип, «мындай трагедиялык окуялар бул багыттагы иштерди дагы да күчөтүү керектигин айгинелеп турат» деп жооп беришкен.

Өспүрүм кыздын зордукталышы боюнча кийинки сот отуруму 8-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтөт. Ошол эле күнү соттун имаратынын алдында балдарга карата зомбулукка каршы митинг өтөт.