Болот Абдыжапаров: «Кумтөр» ишканасы «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондуна 500 миллон сом бөлөт

Ат-Башы районунда өткөн чогулуш. Сүрөт: Болот Абдыжапаров Фейсбук барагы.

«Кумтөр» ишканасы Нарын облусунун «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондуна 500 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу Ат-Башы районунун акиминин орун басары Болот Абдыжапаров Фейсбук барагына жазды.

Анын айтымында, учурда уюмдун банктык эсебине 250 миллон сом келип түштү, калганы «жакында которулат».

Абдыжапаров кенден бөлүнгөн акча Ат-Башы районундагы айыл өкмөттөр, жергиликтүү өндүрүшчү жана жеке ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүк деп эсептейт.

«Фондун жетекчилиги биздин айыл өкмөттөр, мекеме жетекчилери менен жолугуп, долбоордун документин кантип толтуруш керек, эмнеге маани бериш керектигин, кандай долбоорлорго өзгөчөлүк берилерин түшүндүрүп берди. Жергиликтүү ишкерлерди айыл өкмөттөр менен байланышып, долбоор жазып өткөрүүгө активдүү катышууга чакырам», — деди акимдин орун басары.

Нарын облусундагы «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фонду өткөн жылдын 23-октябрында түзүлгөн. Анда уюмдун жобосу жана тогуз адамдан турган байкоочулар кеңешинин курамы бекитилген.

Уюмдун жобосуна ылайык, түшкөн каражаттын 20 пайызы социалдык долбоорлорго, 50 пайызы киреше алып келчү экономикалык долбоорлорго, 30 пайызы жеңилдетилген насыяларга жумшалат.

Өткөн жылы уюмдун банктык эсебине Министрлер кабинети 12 миллион сом которгон.

Ал эми президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 18-июнунда Нарын шаарына болгон иш сапарында «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондуна жыл сайын болжолдуу 500 миллион сом которулуп турарын айткан.