Кеминде эки адам 14 жаштагы өспүрүмдү сабоого шектелүүдө. Милиция экспертиза дайындады

Кеминде эки киши 14 жаштагы өспүрүмдү сабоого шектелүүдө. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине Чүй ОИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициядан 29-июнда аларга жергиликтүү тургун арызданып, 28-июнда небересин белгисиз эки адам сабап кеткенин билдиргенин айтып беришти.

Жабыркаган өспүрүмдүн чоң энеси 24.kg басылмасына маек куруп, небереси бир нече саат бою кыйноого алынып, кордук көргөнүн кабарлаган.

«Күч колдонуп оозуна арак куюп, сабашыптыр. Бул бир нече саатка созулуптур. Андан кийин неберемди дүкөнгө барып, дагы бир бөтөлкө арак уурдап келүүгө мажбурлашыптыр. Ал жактан неберемди тааныштарым көрүп калып, мага айтып келишти. Келе калсам кызыл жаян кан болуп сабалып, алардын машинасында отуруптур. Аны сабагандар жанында отуруптун, абдан жинденип алышкан экен. Алар менен алпурушканча неберем качып кутулду», — деп айтып берди жабырлануучунун чоң апасы окуянын чоо-жайын.

Кийин бала табылгандан кийин үй-бүлө милицияга арыз жазып, андан кийин аларды соттук-медициналык экспертизага жөнөтүшкөн.

Чоң эненин айтымында, небереси жолдо баратканда эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилген. Милицияга арыз жазылгандан кийин шектүүлөрдүн бири ооруканага келип өспүрүмдү коркуткан. Мындан улам өспүрүм башка медициналык мекемеге которулган.

«[Шектүүлөрдүн бири] жергиликтүү фельдшердик-акушердик пунктта тиш доктуру болуп иштейт. Ооруканага баргандан кийин ал жумушума келип, небереңизди дарылайын, сабалгандан кийин алдыңкы тиштерибошоп калыптыр, ошону менен тынч эле таркап кетели деп айтты. Арызыңызды кайтарып алыңыз, баарын унуталы деди», — деп кошумчалады аял.

Жабыркаган өспүрүмдүн чоң энеси арыз берилгенден кийин тергөөчү эч кандай тергөө амалдарын жүргүзбөгөнүн, ал эми кол салгандар дагы деле эркиндикте жүргөнүн айтат.

Милиция эмне дейт?

Чүй ОИИБнен факт маалыматтарды каттоо журналына алынганын билдиришти. Өспүрүмдү сабоого шектелгендердин тек-жайы такталган.

Алар ички иштер органдарына чакыртылып, суракка алынган. Шектүүлөрдүн бири өспүрүмдү ага сөгүнгөн сөздөрдү айткандыгы үчүн сабаганын айтып берген.

Мекемеден өспүрүмдүн денесине келтирилген залалдын деңгээлин аныктоо үчүн экспертиза дайындалганын кошумчалашты. Сотко чейинки териштирүү уланып жатат.

Материалдын автору: Жаркынай Жээналиева