Жалал-Абадда үч күн мурда дайынсыз жоголгон 14 жаштагы өспүрүм изделип жатат

Шахло Осмонахунова

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 14 жаштагы өспүрүм Шахло Осмонахунова изделип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кыз 15-июль күнү саат 21:00дө үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Милиция анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жатканына байланыштуу коомчулуктан жардам сурады.

Шахло үстүндө сары түстөгү ак сызыктары бар жайкы футболка, сары түстөгү шорты, бутунда сары түстөгү жайкы бут кийим кийип жүргөн.

Ал өңү ак жүздүү, кашы-көзү кара, чачы узун кара түстө, арык дене түзүлүштө болгон.

Аны көргөн-билгендер болсо (03746) 102, 0703-11-44-37, 0553-78-38-78. номурларына байланышып, кабар берсе болот.