«Кыздыгыңды бер». 50 жаштагы киши сатуучу кызга ыдык көрсөтүп, акча сунуштаган

Бишкектин соода борборлордун биринде 50 жаштагы киши сатуучу кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн. Бул окуянын видеосу Инстаграмдагы black_list.kg барагына жарыяланды.

Жабыркаган кыз окуя 15-июлда болгонун айтты.

«Мен сылык эле сүйлөшө баштадым, ал күтпөгөн жерден: “Мен сага 1000 доллар берем, ээн жерге баралы, мен сенин кыздыгыңды алышым керек” деп айтты. “Өкүнбөйсүң, меники 21 см”, “мусулманчылыкта ушундай, кыздыгыңды алышым керек” деп сунуштады», — деп айтып берди кыз.

Ушундай сөздөрүнөн кийин кыз аны камерага тарта баштаган. Видеодо кыз кишини уяткарып, соода борборунун күзөтчүлөрүн жардамга чакырганын угууга болот.

«Чак түштө ушундай болуп жатат. Калтырап эмне кыларымды билбей калдым», — деп белгилейт ал.

Ал арада Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы «Клооптун» журналистине кыздын окуясы териштирилип жатканын билдирди.

Бишкекте 13-июнда ыдык көрсөтүүгө каршы жөө жүрүш өткөн. Анда 30га жакын кыз «Россия» кинотеатрынан ЦУМга чейин «Ыдык көрсөтүү — бул кылмыш» деген плакаттарды көтөрүп өтүшкөн.

Жөө жүрүштүн катышуучулары ушундай жол менен Кыргызстанда ыдык көрсөткөндөргө жазаны күчөтүү керектигин бийликке жеткирүүнү көздөп жатканын айтышкан.

Статистикага таянсак, Кыргызстанда аялдардын 83%ы өмүрүндө жок дегенде бир жолу психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылган. Алардын көпчүлүгү коомчулуктун каралоосунан коркуп же милиция жардам бербейт деген ишенимден улам укук коргоо органдарына кайрылган эмес.